😷Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын сап башына чыкты
Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек биринчи сапка чыкты.
24-декабрда шаардагы абанын сапаты «кооптуу» деп бааланууда — зыяндуу микробөлүкчөлөр менен суюктук тамчыларынын концентрациясы ДССУ сунуштаган PM2.5 көрсөткүчүнүн орточо жылдык нормасынан 61,7 эсе жогору болууда.
Мындай шартта шаардыктарга беткап тагынуу, терезелерди жабуу жана мүмкүнчүлүк болсо абаны тазалоо жабдууларын иштетүү сунушталат.
Октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл кышында Бишкекте ыш болбой турганын билдирген. Анын айтымында, шаардагы абанын булганышынын негизги булактары жоюлган: мончолор жана дизель менен жүргөн автобустар.
Бирок сууктун түшүшү менен Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын тизмесинин алдыңкы саптарына чыкты. Кийинчерээк Экология министрлиги Бишкектеги абанын сапатын өлчөө жабдуулары туура эмес иштей турганын жана так эмес маалыматтарды берерин билдирген.
#кабарлар