Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Алып баруучуларга кол көтөргөн Илимбек Исраилов кармалды
Бишкектин Октябрь райондук милициясы алып балуучуларды микрофон менен урган Илимбек Исраилов камакка алынганын билдирди.
«Кактус Медиа» басылманын маалыматына ылайык, окуя 22-декабрда «Алтын Арашан» тойканасында болгон. Күбөлөр алып балуучуларга кол көтөргөн киши аквист Илимбек Исраилов экенин тастыкташкан.
Ага карата «Майда бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, убактылуу тергөө абагына киргизилди.
Илимбек Исраилов «Клооп», «Азаттык», «Кактус Медиа» басылмаларын жабууну талап кылган митингдерди уюштурган активист катары белгилүү. 2022-жылдагы акцияда ал журналисттерди коркутуп, «Азаттык» кеңсесин өрттөйм деген.
Исраиловдун «Мекенчил» партиясына байланышы бар кылмыш ишине да катыштыгы бар. Быйыл беш киши менен бирге «бейбаштык жана мыйзамсыз эркинен ажыратуу» боюнча кармалган.
Президент аларды шылуундар деп атап, сот кийин аларды бошоткон — бир берене боюнча актап, экинчиси боюнча жабырлануучу дооматтарынан баш тарткан.
#кабарлар