Эл аралык ишкерлер кеңеши өлкөдө бизнес чөйрөсүнө кысым болуп жатканын билдирди
Быйыл Кыргызстандагы ишкерлер текшерүү, басым, мүлктөрүнүн мамлекетке алынышынан улам кыйынчылыкка туш болушту. Эл аралык ишкерлер кеңеши жыл жыйынтыгын чыгарып, бул ишкердик чөйрөгө терс таасир эткенин жазды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 11 айында мамлекет 1,2 триллион сомдон ашык киреше таап, экономика 9%га өскөн. Эл аралык ишкерлер кеңеши ошол эле учурда бизнес чөйрөсүндөгүлөр бир катар кыйынчылыкка туш болгонун белгиледи.
— дешти аталган кеңештен.
Билдирүүдө президенттин ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизгенине карабай, административдик кысым уланып жатканы айтылат. Быйыл ар кайсы тармактагы компаниялардын текшерилиши ишкерлер үчүн белгисиздик жаратып, алардын ишине кедергисин тийгизгени белгиленди.
— деп айтылат билдирүүдө.
#кабарлар

«Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылдын декабрь айына карата мамлекетке 1 174 объект кайтарылган, алардын арасында базарлар, жер тилкелери, коммерциялык жана коммерциялык эмес имараттар, атайын объектилер жана социалдык объектилер (стадиондор, тарыхый имараттар, базарлар жана автобекеттер) бар»,
— дешти аталган кеңештен.
Билдирүүдө президенттин ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизгенине карабай, административдик кысым уланып жатканы айтылат. Быйыл ар кайсы тармактагы компаниялардын текшерилиши ишкерлер үчүн белгисиздик жаратып, алардын ишине кедергисин тийгизгени белгиленди.
«Бул жагдай айрым дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн маалыматы менен тастыкталууда, анда туруктуу бизнес чөйрөсүнүн жоктугу жана Кыргызстандын азыркыга чейин жогорку тобокелдиктерге ээ рынок болуп калгандыгы айтылат. Бул көбүнчө чоң белгисиздик шартта иштөөгө даяр болгон инвесторлорду гана тартып жатат»,
— деп айтылат билдирүүдө.
#кабарлар