Кыргызстанда бардык бала бакчаларга 2025-жылга чейин видеокөзөмөл орнотулат
Балдарга карата зомбулукту алдын алуу максатында өлкөдөгү бардык бала бакчаларга видеокөзөмөл орнотулат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Министрдин айтымында, учурда мониторингдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын 63%ы видеокөзөмөл менен жабдылган.
«2025-жылга чейин бакчаларга байкоочу камераларды орнотуу иштери 100%га жетиши керек. Билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине жана ата-энелерге колдоо көрсөтүүгө даярбыз»,— деди ал.
Декабрдын ортосунда Билим берүү министрлиги өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык 1871 бала бакчанын 1186сына видеокөзөмөл камерасы орнотулганын кабарлаган эле.
Эки жума мурда Чүйдүн Сокулук айылындагы «Алтын Балалык» бала бакчасында беш жаштагы кыз чарчап калганы белгилүү болгон. Ага чейин Жалал-Абаддын Сузак районундагы бала бакчада тарбиячылар балдардын бирине кол көтөргөнү айтылган.
#кабарлар