УКМК Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкерин кармады
Атайын кызматтын маалымат25-декабрь күнү өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКнын Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору кармалганын кабарлады.
Маалыматта 1 млн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда колго түшкөн 41 жаштагы К.С.Ж. №1 тергөө абагына киргизилгени айтылат.
«Кармалган жаран материалдык кызыкчылыкты көздөп, жаңы турак жай комплекстерин электр тармагына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүдө жеке курулуш компанияларынан акча талап кылгандыгы аныкталган», — деп жазылат маалыматта.
#кабарлар