Минкабда ЭТТНди колдонуу тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү
Тиешелүү буйрукка 31-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Кабминдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жумушчу топко бир айлык мөөнөттө товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТН) колдонуу тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча иш алып барып, президенттин администрациясына сунуштарды киргизүү тапшырылды.
ЭТТНды толтуруу 2023-жылдын башынан бери милдеттүү болуп калган. Бирок бул талап жана салык тармагындагы башка жаңы киргизилген эрежелер көп жолу соодагерлердин нааразычылык акцияларына себеп болгон.
Өткөн жылдын 23-декабрында парламенттин бюджет боюнча комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ЭТТНди салыктык жана бюджеттик негизги беш гана товар түрүнө калтырууну сунуштаган: нефть продукциялары, спирт, алкоголдук ичимдиктер, тамеки жана медициналык буюмдар. Ошондой эле ал ЭТТН шашылыш түрдө жана жетиштүү изилденбей киргизилгенин белгилеген. Кийинчерээк Кабмин ЭТТНди жокко чыгарбай, жөнөкөйлөтө турганын маалымдаган.
#кабарлар