Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Technologies


Программалоо боюнча маалыматтар!
Flutter боюнча,
Web иштеп чыгуу боюнча,
IT багыты тууралуу көптөгөн маалыматтар бул каналда
Биз менен байланышыңыз:
https://turatalybaev.taplink.ws

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter




Forward from: Турат Алыбаев
Бул коддорду караңызчы, тим эле кыпкыргызча кылып жазып алышканын.


Forward from: Турат Алыбаев
🥳 Бүгүн биздин майрамыбыз!

🤗 Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, бүгүн биздин чакан мамлекеттик эгемендүүлүк күнү.

📌 Байбичем экөөбүз туура 9 жыл мурун, ушул күнү биздин чакан мамлекетибизди түптөп, түтүн булатып, эгемендик алганбыз.

📌 Биздин үйүбүздүн ичиндеги бакытты ар дайым өлкөбүздүн бактысы болсо экен деп каалайбыз. Себеби биз бактылуубуз, өлкөбүздө дагы бактылуу болбогон эч бир үй-бүлө болбосо экен.

📌 Биздин бактылуу үй-бүлө болушубузга салым кошуп жаткан, ата-энеме, кайын ата – кайын энеме терең ыраазычылык билдирем. Анан албетте өзүн толугу менен мага арнаган, менин үйүмдү бактылуу очок кыла алган, балдарымды бактылуу кылып тарбиялып жаткан Байбичеме ыраазычылык айтам.

📌 Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун, анын ичинде биздин чакан мамлекетибиз дагы өсүп-өнүгө берсин. Биз үчүн узун, бирок жалпы жашообуз үчүн кыска гана убакыт 9 жыл. Кудайым буюруп дагы көптөгөн жылдарды бирге өткөрөлү, ушул убакытта жеткен ийгиликтерибиздин дагы далайына жетели. Кудай Тааламдын каалоосу менен көптөгөн ийгиликтерди бирге багындыралы.

📌 Урматтуу окурманым, бизге кандай жакшылыктарды кааласаңыздар, сиздерге ошону Кудай Таалам эселеп берсин деп биз дагы дуба кылып жатабыз. Өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу. Тартынбастан өзүңүзгө каалаган жакшылыктардын баарын жаадырып жаза кетиңиз. Биз алакан жайып, оомийн деп туралы.

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы - Бишкек, 25-март, 2024-ж.


Forward from: Турат Алыбаев
🥳 Рамазан айында бардык нерсе берекелүү боло түшөт эмеспи.

✅ Эң негизгиси убакыт кадимкидей берекелүү болуп, күн ичинде мурда кыла албай жаткан иштерди кылып алабыз.

✅ Эрте туруп, ооз бекитип, андан кийин багымдатты окуп алып, 1 сааттай Куран окуйбуз. Андан кийин Дуолингодон англис тилин окуганча уйку келип саат дагы 8 болуп калган болот.

✅ Бир аз куш уйку сала коюп же колго адабий китеп алып окуп алабыз. Андан кийин кечээки өтүлгөн сабактардын видеосун Йутубга жайгаштырып, группаларга жетки берип, анан соц тармактарга 1 катар көз салганга да убакыт жетет.

✅ Ушунун баары саат 9-10 го чейин эле кылынган иштер, кечке чейин эмнелерди гана кылабыз. Кудай Таалам өмүрүбүзгө береке берсин. Ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу!

✍🏼 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек ш. 2024-ж, 21-март

#turatalybaev #тураталыбаев #айтиойлор #айтикурс #мобилдиктиркеме
#flutter_kyrgyz
#flutter
#online_course
#программист
#онлайн_курс
#флаттер
#мобилдик_тиркеме
#appitcompany
#кыргызстан#бишкек


Forward from: Турат Алыбаев
Video is unavailable for watching
Show in Telegram




Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, бүгүн ушул АйТи жолугушуу болот, сөзсүз катышыңыздар!


Forward from: Турат Алыбаев
1147 күндөн бери ар күнү калтырбай сабак окуу. Бул эмне деген гана мээнет.

88 аптадан бери жогорку лигада болуу, лигада ордуңду сактоо үчүн жарышып окуу.

Эгер бир нерсени каалап жатсаң, ага ар күнү аракет кылуу керек.

Өзүңдү өнүктүр, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кош!






Forward from: Турат Алыбаев
Курска жазылуу уланып жатат.

Бүгүн жаңы группа старт алат!


Урматтуу окурмандарым ушул иш-чара маанилүү себептерден улам, келерки жумаларга жылдырылды. Жакындаганда, датасын дагы кабарлайбыз


Forward from: Турат Алыбаев
👋 Салам урматтуу окурманым, 10-март күнү 22:30 да сиздер үчүн сонун АйТи жолугушууну даярдап жатабыз.

✅ Kyrgyz German IT Community'ден Айзада Акбекова эже.

✅ Kodjaz кыргызча программалоону үйрөнүү платформасынын негиздөөчүсү Мурат Жумашев байке.

✅ Бакай-Банк жана Мегаком компаниясынын Backend програмчысы Нурдөөлөт Рысбаев.

✅ Ушундай мыкты инсандар сиздер үчүн "АйТиде карьералык өсүштүн тепкичтери" тууралуу сонун маек куруп беришет.

✅ Бул он-лайн АйТи жолугушууга катышуу үчүн Devkurultay Телеграм группасына катталып, шилтемени ошол учурда ала аласыз. Кирүү акысыз. 😊

✅ Ар күнү окуп, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Окуган коом гана өсөт, окуган коом гана озот.

Турат Алыбаев, Програмчы, агартуучу.

#turatalybaev #тураталыбаев #айтиойлор #айтикурс #мобилдиктиркеме
#flutter_kyrgyz
#flutter
#online_course
#программист
#онлайн_курс
#флаттер
#мобилдик_тиркеме
#appitcompany
#кыргызстан #бишкек #ош #нарын #чүй #талас #баткен #ысык_көл #жалал_абад #токмок #кочкор #germany #hannover


Forward from: Турат Алыбаев
🥳 Биздин Play Market'ке чыккан клодонмолорубуз.

🥳 Буюрса эң жакын арада бул жерге дагы 2 колдонмобуз кошулат.

🥳 Куттуу Рамазан айында, Куран Хатымды жамаатташып окугуңуз келсе, Mu Quran колдонмобузду Плей маркеттен дагы, App Store'дон дагы көчүрүп алсаңыз, окусаңыз болот.

Балким 1 күндө 1 хатым бүтөт, жамааттын сообунан куру калбаңыз.


Forward from: Турат Алыбаев
🥳 Жаз менен бирге сиз дагы жаңыланыңыз! АйТи окуп, жаңы кесип ээси болууга эң сонун убакыт.

🥳 Жаз айы менен, Куттуу Рамазан айы менен өзүңүздүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачыңыз!


Forward from: Турат Алыбаев
🥳 Курска жазылуу уланып жатат, жазылып жетишип калыңыздар.

📌 Курс тууралуу маалымат алгысы келгендер + калтырыңыздар, өзүм сизге байланышам.

📌 АйТи окугусу келген досторуңузга жөнөтүп коюңуз.


Forward from: Турат Алыбаев
Бул адам жөнүндө эми көп угабыз, даяр болуңуздар! 😁


Forward from: Турат Алыбаев
🥳 Салам достор, бизде сонун жаңылык, акысыз иш-чара

📌 Kyrgyz German IT Community’нин негиздөөчүлөрүнүн бири жана Германиядагы эң чоң АйТи компаниянын (SAP) сеньор програмчысы Айзада Акбекова эже менен;

📌 Мбанк компаниясынын Flutter програмчысы Элдияр Алмазбек менен;

📌 Бакай-Банк компаниясынын Backend програмчысы Нурдөөлөт Русбаев менен;

📌 жана App IT Company’нин негиздөөчүсү, програмчы агартуучу Турат Алыбаев менен ТехноПарк Коворкингде “Германияда жана Кыргызстанда мыкты АйТи компанияларда иштөө үчүн кантип аракет кылабыз?” – деген темада сонун иш чара болмокчу.

📍4-мартта саат 18:00 дө бардыгыңыздарды күтөбүз, кирүү акысыз.

Катталуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз:

https://forms.gle/cRa6XDhzCR1UdAHb9


Forward from: Турат Алыбаев
🥳 23-февраль Ата мекенди коргоочулар күнү!

📌 Ассалоому алейкум урматтуу ата мекендин коргоочулары бардыгыңыздарды бүгүн “Ата мекенди коргоо күнү” майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

❓Урматтуу окурманым, ата мекенибизди кимдер коргоого милдеттүү? Бүгүн кимдин майрамы? Эркектердинби? Армияга баргандардынбы? Кыргыздардынбы? Кыргызстандыктардынбы?

📌 Урматтуу мекендештер, албетте эң алгач бул майрам чек арада туруп мекенди коргоп жаткан жоокерлерибиздин майрамы, бирок ошону менен эле бирге, мекенибиздин ар бир жаранынын майрамы. Айрчыкча мекендин биримдигине кайдыгер карабаган, өлкөнүн эртеңин ойлогон аял-эркек, кары-жаш, аскер, бизнесмен, мугалим, окуучу кыскасы ким бул өлкөнүн эртеңи үчүн кам жесе, бул өлкө ар дайым бар болсо экен, өнүксө экен деп аракет кылган ар бир жарандын майрамы.

📌 Дагы бир жолу майрамыңыздар менен урматтуу мекендештерим, бар болуңуздар, ар дайым өзүңүздөрдү өнүктүрүп, өлкөбүздү дүйнөнүн эң алдынкы өлкөлөрүнөн кылууга далалат кыла бериңиздер.

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек, 23-февраль, 2024-жыл.



20 last posts shown.