Бактыкан АЖЫМАМАТОВА
ШУБА
— Мынаке, Апамдын кийимдери… керегин алгыла… – деп кыдырата олтурган кыздардын алдына эки чоң клеёнка капты таштады Айдана. Кызуу кепке муюп калган кыздар анын бул каптарды кайдан көтөрүп чыкканын байкабай да калышты. Кыйла эле оор белем, жерге "гүп" эле түштү да, кыздарды чоочутуп салды. Эки каптын тең ооздору бекем байланган.
— Бул эмне? – деди олтурган кыздардын эң кичүүсү.
— Апамдын кийимдери. Топтоп, бардыгын жууп-тазалап койдук. Арасынан керектүүсүн алгыла.
— Эмнеге биз алышыбыз керек? – деди кыздардын улуусу.
— Анан кайда алып барамын? – деп Айдана аларга суроолуу карады.
— Силер алгыла. Силердики да булар.
— Биз керектүүсүн алдык. Билесиңер да, апамдын кийимдери өтө эле көп болчу. Бизге ылайыктуусу аз эле экен.
— Ылайык болбосо да,алгыла. Бекем каткыла. Балким, кайрадан ондотуп, өзүңөргө ылайыктуу кылып тиктирип алаарсыңар? – деп кыздардын улуусу, ортодогу капка аянычтуу карап койду.
— Жок, өзү салт бар экен го? Өлгөн адамдын кийимин жакындары бөлүп алат экен го? – деп Айдана ыйламсырай, кыздарга тигилди.
— Ким айтты? – деди орто чээнде олтурган кыз.
— Ошентип айтышты… Бир кыйласын өрттөдүк. Эми буларды өрттөгөнгө такыр кол барбады. Мына Апамдын да кыркылыгы өтүп жатат. Азыр бир аздан кийин бардыгыңар ар жакка кетесиңер. Ошого алдыңарга алып келдим, – деп Айдана каптардын оозун чече баштады. Кыздар үн дебей туруп калышты. Алар жаңы эле бир тууганынан ажырап, кан жутуп, айыкпас дартка чалдыккан бир тууганы жаш кеткенине бардыгынын кабыргасы кайышып турган. Жер чапчып ыйлашса да аны таба алышпаганын эми гана сезе башташты эле. Каптын оозу ачылганда бир туугандын көркүн ачкан көйнөктөр, жемперлер жерге жайнай түштү. Кыздардын бардыгы оор үшкүрүп алышты. А түгүл ыйлап да жиберишти. Кыйлага чейин бышактап жатышты. Улуулары үн чыгарып, кырк күндөн берки жат болуп калган кошокторун да кошуп жиберишти.
— Болду эми, ыйлап эмне таптыңар? Токтоткула ыйды!.. – деген эркектин үнү чыкты сырттан.
— Кантип токтотобуз? Кантип?!... – дешет кыздар.
— Айла жок… силер эле бекен? Биз деле күйүп жатабыз! – деди сырттан баш баккан кудагый.
— Ушундай салт бар. Өлгөн адамдын кийими жерде калбаш керек. Жакындары бөлүп кетет. Ылайыктуусун алгыла. Байкуштун кыздарынын көңүлүн калтырбагыла. Кийсеңер киерсиңер, кийбесеңер аздектеп, бир демеңерге жаратып аларсыңар. Илгеркилер, курап-жамап, төшөк кылып, а түгүл туш кийиз да курап алышчу экен. Азыр антпей калышты. Бирок, жерде тепселип калбаш керек да, – деп кыздардын жанына олтура кетти. Анан анын да мууну бошой кеттиби, бышактай түштү. Өтө жаш кеткен келинин жоготуу алар үчүн деле жеңил эместей. Баласы элүү жашка чыкпай, жесил калса. Эми бой жетип келе жаткан уул-кыздары апасыз калса, кимге эле жеңил.
— Мага келин эмес, кыз болуп калды эле го?.. – деп кыйлага бышактады. Бул арада кыздар каптардын оозун кенен ачып, ичиндеги кийимдердин ылайыктуусун тандап жатышты. Маркум сиңдилери көп иштеп, көп акча таап, анан жарашыктуу кийинген кыз эле. Ал жашоону жакшы көрчү, жашоону сүйчү. "Адамча иштеп, адамча жашоо керек. Эмнеге муңаясыңар? Эмнеге кысынасыңар? Эмнеге ...эмнеге?" деген суроолору көп эле. Бардыгын жакшы, шайдоот, көңүлдүү жашоого үндөөчү. Кийимдин арзаны-кымбатына карабай, жакса алып кийип, кооздукту жактырчу. Эми мына анын барын алып кете алган жок. Эки капта буулуп, бир туугандарынын алдында жатты.