Ясунари КАВАБАТА
ТҮН ЧҮРӨГҮ
«Түн чүрөгү» кактус гүлү жылына бир ирет жайкы түндө текши гүлдөйт. Акыркы үч жылдан бери Комия толукшуган жайдын ушул түнү ыраматылык аялынын классташ курдаштарын үйгө чакырчу болгон. Бул ирет биринчи болуп Мураяма кирип келди. Бөлмөгө кирер замат, гүлдөгөн кактусту көргөндө, кыйкырып жиберди:
— Аай-иий, кандай керемет! Сонун! Былтыркыдан да көбүрөк гүлдөптүр!
Кактус жанында селейип туруп калды.
— Былтыр жети гүл ачкан. Кана, санайлычы, быйыл канча экен.
Үстөл европа стилинде салынган жыгач үйдүн кенен бөлмөсүнүн дубалы тарапка жылдырылып, бөлмөнүн так ортосундагы койгучтагы карапада кактус гүлдөп турат. Карапа тизе тушта калат да, бийик өскөн кактусту караш үчүн башты бир аз өйдө көтөрүүгө туура келет.
— Менин кыялымдагы гүлдөр. Аруу азгырыктарга жетелейт!
Мураяма бул жолу да былтыркы сөзүн кайталады. Былтыр да «түн чүрөгүн» көргөндө ушинтип айткан. Бул ирет жан-дили менен айткандай болду.
Мураяма кактус гүлүн кумар таркаганча караган соң, Комия тарапка бурулуп, аяшы чакырганына ыраазычылык билдирди. Андан соң анын кызы Тосикого карап:
— Сага да ыракмат, берекем. Сулуу кыз болуп жетилип калган тура. Ажарың тим эле «түн чүрөгү» кактус гүлүндөй! Быйыл кактус гүлү былтыркыдан эки эсе гүлдөптүр!
Тосико аяш энесине үн-сөзсүз тигилди. Жылмайып да койбостон, көзүн албай тиктеди.
— Буга көп мээнет кылганың билинип турат, аяш. Аябай гүлдөптүр! – Мураяма үй ээсине кайрылды.
— Ооба, мынчалык гүл ача элек болчу, – деди аяшы. Ошого силерди токтоосуз чакырдым деп айтмакчы болуп, унчукпады.
Мураяма Кугэнума жээгинде турат, Хаямага кол жеткидей жакын. Бирок анын биринчи жетип келишине жакындык себеп эмес. Комия биринчи ага чалган, ал Токиодогу курдаштарына чалып кабарлайт. Мураяма Комияга кайра чалып, беш адамдан экөөнүн зарыл иштери чыгып калгандыгын, бирөөсү командировкадан кайткан күйөөсүн күтүп келе албастыгын, келе тургандардан Имадзато менен Омори гана калгандыгын кабарлады.
— Үчөөбүз гана барарыбызды укканда Омори да таң калбаспы, – кеп баштады Мураяма. – Сумикону да айтып алсак жакшы болор беле дейт. Чындап эле аны бир да жолу чакырбаптырбыз. Классташ кыздардан бечара ошол гана турмушка чыга элек.
Тосико отургучтан туруп, кактус жанынан өтүп, сыртка жөнөдү.
Артынан Мураяма кыйкырды:
— Кызым, кайда жөнөдүң?! Кел, гүлдөр ачылып жатканын чогуу көрөлү.
— Ыракмат, мен анын гүл ачканын көргөм.
— Качан көрө калдың? Атаң мененби? Кел, анда бизге кантип гүл ачарын айтчы.
Кыз артын тиктебестен бөлмөдөн чыгып кетти.
Мураяма «түн чүрөгү» кантип гүл ачарын былтыр Комия аяшы айтып бергенин эстеди: гүл ачып жатканда шамал тийгендей дирилдейт. Кудум суугалдак гүл ачып жаткандай.
— Биз менен чогуу отургусу келбеди окшойт, – Мураяма сөзүн улады. – Ыраматылык апасы тууралуу сөз кылганды уккусу жоктой. Кана эми, бечара Сатико да биз менен чогуу гүлдөргө суктанып олтурса, атаганат. Ал тирүү болсо, сен кактус гүлүн экмек эмес белең.
— Ооба десең.
Мындан эки жыл илгери Комия Мураяманы үйгө келип кетишин суранат. Мураяма келсе, аяшы өлгөн аялын унута албай жатканын, аны кантип кайтарып алса болорун айтып ыйламсырап кеңеш сурайт. Мураяма үйдө өскөн «түн чүрөгү» кактус гүлүн ошондо көргөн. Гүлдөгөн «түн чүрөгүн» классташ кыздар чогуу келип көрүп туралы деп ошондо аяшына масилет салбайбы.
Сырттан автоунаанын токтогон үнү угулду. Имадзато да келип калды. Түнкү саат тогуз жарым. «Түн чүрөгү» түнкүсүн гүлдөйт. Эки-үч саат бою тынбай гүл ачат. Бир түндө гүлдөйт. Жыйырма мүнөттөн соң Омори кирип келди. Сумикону ээрчите келиптир. Сумикону көрөр замат Мураяма:
— Ой, кел, классташым, кел. Дале жапжаш, сулуу бойдон экенсиң. Сага эми жакшы эр таппасак болбойт.
— Койчу, ай. Өзүм бат-баттан ооруп араң жүрсө, – дей салып, Сумико ачыла элек гүлдөр тарапты тиктеген бойдон көздөрү жайнай түштү. «Түн чүрөгү» кантип гүл ачарын ал бир да жолу көргөн эмес. Сумико карапанын жанында турган, кактус гүлүн акырын айланып карап чыкты да, гүлгө жакын басып келди.