Алимжан АЛИБЕКОВ
ЭРГЕШ ДУКТУР
Союздун тушунда биздин айылда Эргеш дуктурду билбеген адам жок болчу. Мотору самолеттой күрүлдөгөн "ЛАЗ" автобусунда атамдар менен базарга баратып: "Эргеш дуктурдун дарысын ичип эле сен көр, мен көр сакайып кеттим", "Эргеш дуктурдан бир апта үкөл алып бутумдун оорусу басылды", "Паланча каттык касал экен. Эргеш дуктур туугандарын даярдана бергиле дептир" деген сөздөрдү угуп калчумун. Анан айтканындай эле, көп өтпөй ошол үйдөн өкүрүк чыкчу…
Жашырганда эмне, чындыкты бетке айткан үчүн айылыбыздын фельдшери Эргеш дуктурду "Эргеш орус" дегендер да бар эле. Себеби түшүнүктүү да: кимге болбосун бетине түз айтчу. Ооруп бара бергендерди "Өзүңөрдөн пулду аябай тамакты күчтүү-күчтүү жегиле да!" дечү.
Эсимде 80-жылдары айылда элдин баары акталган аппак үйүндө жашабай, бир-эки бөлмөлүү чакан там салып, ошондо бала-чакасы менен туруп калышкан. Үйлөрүн болсо, жайы-кышын кара кулпу кайтарат.
Ушуну да Эргеш дуктур жөн койбоду. Бир күнү биздин эски үйдүн жанына атайын токтоп, арыктан суу алмыш болуп чыгып, аккан суудай узун-узун сөзгө кирип кеткен аялдарга:
— Ии, кичине үйдө тыгылып жашай бергиле! Онобу катта үйдө өлгөндөн кийин жашайсыңар! – деп өттү.
Ушул ушул болду, эртеси күн баткыча: "Ким айтты? Эргеш дуктур айтты!" деп бүт айылга тарады. Намысына келгендер: "Ээ, бу Эргеш орус чын айтат! Өлсөк бул үйлөр кимге калат дейсиң! Көрүбүзгө көтөрүп кетмек белек?!" деп далайдан бери кирбей калган чоң үйлөрүнө кайра кирип, жашап калышкан болчу…
Менин эң кымбат адамым чоң энем кайтыш болгон жылы, жайында, биздин көчөнүн этек жагындагы ичине кирсең, дайыма дары-дармек жыттанып турган, фин тибиндеги фельдшердик пунктка көп каттачу болдум. Доктурга жөн барчу беле, күтүүсүз жерден кырсыкка кабылдым. Муну мен эч кимге каалабас элем…
Кошунабыздын бешенесинин так ортосунда бармактай болгон калы бар уулу Калдарбек экөөбүз бизде, Ош жакта жүгөрүнү мака дейбиз, ошо маканин арасынан малга от оруп келгени бардык. Июль бекен же августтун башыбы, чачысынан түшкөн сары күкүмдөр денебизди кытыштырып кыйла жүдөттү. Чыдабай кеттик. Маканин ичи жайдын күнү болуп көрбөгөндөй үп. Ноокат жолунун аркы бети бизге бейиштей көрүндү. Биздей балдар картошка эгилген талаадан чырмоок жулуп жүрүшүптүр. Аларды карап көзүбүз күйдү. Анан ошол жакка өтөлү дедик. Калдарбектен эки жаш улуу болгон үчүн мен дайыма алдыда жүрчүмүн. Арыктан жата калып суу ичип, таш жолду көздөй бастым. Колумда орок менен от салып кеткенге этек бар. Аңгыча эки прицептүү жүк ташуучу машина бизден өтүп токтоп, ичинен биз курактуу өзбек бала атасы менен жерге түшүп, шоопур кайнап чыккан капотун ачып, майлуу чакасын "чулп" эттирип арыкка салды. Бул маалда Калдарбек суудан жата калып ичип жаткан. Мен жолдун аркы бетине чуркадым…
Анан эмне болду дебейсизби!
— Кый....ыык! деген үндү билем, калганы эсимде жок. ...
Бир маалда эсиме келсем, тар кабинада эки орус жигиттин ортосунда жатам. Связдын машинасы экен. Бирөөсү ортодогу телефондон жакынкы бейтапканага чалып сүйлөшүп жатты.
— Мы сбили мальчика лет десяти. Везем на машине, – дегенин уктум. Сүйлөшүп жаткан айдоочунун шериги мени көрө калып:
— Живой! – деп сүйүнүп кетти. Мындай сүйүнгөн орусту көргөн эмесмин. Чын дилинен сүйүндү. Тамеки тарткандан саргайып кеткен тиштери бүт көрүнө, мен бир чоң эрдик жасагансып:
— Молодец, мальчик! – деп жылмайды.
Шоопур андан бетер кубанып, бат эле Ош шаарынын четиндеги азыркы "Төлөйкөн" кичи району жайгашкан жердеги өзбек мааланин бейтапканасына жетип келдик. Четтегиси түшө калып мени көтөрөм дегенде, мен болбой өзүм жылаңайлак бастым. Бейтапканын ичинде адам кайнайт. Кезек талашып урушуп жатышкан экен, өзбек аялдар мени көрө калышып: "Вай, өлааай!" деп жүрөгү түшүп, сыртка качып чыгышты…