Айтурган САТИЕВА
ҮМҮТ
Күн түшкө жакындап калганына карабай жаңы эле ордумдан турдум. Эл сыяктуу дасторкон жасаганга камынып, азык-түлүктү муздаткычка толтуруп койгонум менен, али уктоочу көйнөгүмдү чечпей, чоң жоолукту далыма жамынып алып терезеден короону карап турганыма жарым сааттай болуп калды.
Учкундап кар жаап турат… Көптөн бери кар көрө элек кара жерге жай баракат каалгып түшкөн бүртүкчөлөр, айлананы тирукмуштай кооздукка бөлөп турду. Жаңы жылды карсыз тособузбу деп бушайман болгондордун да маанайы жайдары. Торт, салют, баштык көтөргөн эле адамдар. Алдынан чыккан колу-коңшулары менен жаркылдап учурашып, бири-бирин куттукташат. Эх, чиркин, адамдар дайыма эле ушундай болушсачы.
Бүгүнкүгө канчалык өзүмдү даярдаганым менен дале ойлорумдан алыс кете албай турам. Терезени чоң ачтым, аркыраган кышкы желге аптыга түштүм. Колумду сыртка сундум. Кадимки жылдыздай болуп көз жоосун алган кар бүртүкчөлөрү алаканыма түшүп жатты, түшөөрү менен жаңы келген келиндин уялганындай, ысык алаканыма туруштук бере албай эрип кетет.
Экөөбүздүн сансыз окуяларыбыздын бирин эстедим. Дал ушинтип кар жаап турган, суук. Жумуштан чыктым, ушул ит өлчү суукка карабай бир топтон бери күтүп турган сенин, моюн ороочуң менен тумагыңдан жылтырап эле көзүң көрүнөт. Жарк деп күлүп саламдаштың. Адатыбызча жөө басалы дедик. Элдин баары жумуштан чыккан кез, караңгы кирип калса да шаар көчөлөрү жаркырап, аппак карга чагылган жарыктар миң түс берип кубулуп, маанайды көтөрөт.
Мээлей кийип баратасың, а мен өзүмдүкүн шашып атып эрте менен эле үйгө унутуп калыптырмын. Менин колумда мээлей жок экенин көрүп туруп, жылмайып өз мээлейиңди көрсөттүң. Күлүмсүрөп башымды ийкесем, сен да ошол тейде башыңды чайкадың. Ишаарат кылып пальтоңдун чөнтөгүн көрсөттүң, анан колуңдагы мээлейди чечтиң да ары турган бактын бутагына иле салып, манжаларыңды чоң ачып, абада менин колумду кармадың да суроолу карап жылмайып турдуң. Ушунчалык жагымдуу элең… Ичим эзилип турса да эмнегедир эл көп жерде жетелешип жүргөндү жактырбаган жаным эреркей бултуя баш чайкадым. Сен ансыз да бакырайган көздөрүңдү чоң ачтың (бул ачууң келгенинин биринчи белгиси эле). Ага карабай колумду сенин чөнтөгүңө салбай көгөрүп туруп алдым. Арыда турган аялдаманын муздак отургучуна барып отурдуң да:
— Дайыма эле ушинте бересиң, эмнеге жетелешип жүргүң келбейт? – дедиң кабагыңды салып. Оңгулуктуу жооп таппай турсам да өзүмдүкүн бербей:
— Жүр кетели, – дедим.
— Жок, дедиң кесе айтып. Сен мени менен жетелешип жүрөм мындан ары – деп сөз бересиң, анан кетебиз, – дедиң..
Экөөбүз тең ушунчалык кашкөйбүз, мен да өзүмдүкүн бергим келген жок. Бир аз турдум да, акырындап басып жолумду улай бердим. А сен ошол аялдамада калып калдың.
Кызык, мына ушундай бала кыял эле биздин мамилебиз, сезимдерибиз… бирок кайра эле жарым саат өтпөй табышып алчубуз…
Баарын түшүнүп турсам да, жүрөгүмдүн түпкүрүндө бул күндөн бала кезимдегидей сыйкыр күтүп турдум. Телефонум да күндөгүдөн активдүү өз милдетин аткарып жатты. Улам болгон чалуулар, келген каттар… бирок,мен күткөн жалгыз коңгуроо эмес.
Сыртта түн демейдегиден жандуу, майрамдын шаңы сезилет. Алысыраактан гитара менен ырдаган шаңдуу ырлар, каткырык күлкүлөр угулат.
А мага стол үстүндөгү шампан менен эки бокал жана тээ бурчта жалтыраган балаты гана улам-улам жаңы жыл экенин эстетип тургандай. Дос-туугандын чакыруусунан баш тартып, жалгыз тосуп жатканымдын да купуя себеби бар эле. Чиркин, үмүт деген үзүлбөгөн неме экен да, азыр саат жебеси он экини какканда тиги турган бокалдардын бирине гана шампан куюлары айдан ачык болсо да эмнегедир экөөнү коюп койдум.
Ой-оой, ойлорума туна түшкөн экенмин, жаңы жылдын кирип келишине 8 мүнөт гана убакыт калган тура. Шашыла телевизорду күйгүздүм. Салтка айланган президенттин куттуктоосунан соң эл сыяктуу шампан ачтым. Дагы бир сөзүң эсиме түштү. Мен спирт ичимдиктерин иче албайм го деген сөзүмө “мен бар жерде бир аз вино же шампандан уурттап койсоң болот”, – дегениң.