Айназик АКЫЛБЕКОВА
КАЙРА ЖАРАЛСАМ, КАЙРА СИЗДИ ТАНДАМАКМЫН…
Апа, мен дүйнөнү сиздин көзүңүз менен тааныдым. Жамандык, жакшылыкты, үйдөгү маанайды сиздин көзүңүздөн билер элем. Мен дүйнөнү сиздин ырларыңыз менен тааныгам. Арген үндүү булбул элеңиз. Сиз ырдаганда жердеги адамдар гана эмес асманда ай суктанчу. Жүз жылда бир жаралчу талант ээси, апаке, сизди эл «экинчи Мыскал Өмүрканова» дээр эле…
Мен сизден жолдошко сый мамиле кылууну үйрөнгөм. Анткени биздин үйдө чече турган адам өзүңүз болсоңуз да, «Атаң эмне дейт, атаңардан сурайлы» дечүңүз. Дасторконго отурганда атаман мурун табакка кол салмай жок эле. Атам ооз тийгенден кийин гана бизге уруксат берилчү. Атам мага бир хан же падышадай сезилчү. Атам көрсө, сиз менен кыйын тура. «Аял жакшы – эр жакшы» дегендей, сиз аркасында турган үчүн атам эл башкарган адам болуп жүргөн экен. Атам да сиз каза болгондон кийин өз жолун таба албай калды. Атамдын хандык тагы да, таажысы да сиз экенсиз, көрсө. Бир нерсе сурасак «Апаңардан сурагылачы» деп алып, анан апамдын бул ааламдан өтүп кеткени эсине түшкөндөй оор үшкүрүнүп калчу. Ошол күндөрү мага баарыбыз бири-бирибизден адашып калгандай сезилдик… Сиз оо дүйнөгө кеткен күндөн ушул күнгө чейин ар бир күнүм караңгы, энекем – менин жаркылдагым, дем берүүчүм, мээрим төккөн дүйнөдөгү жалгыз аруу адамым!
Өз кесибинде профессионал эле, «Болор бала – жашынан» деген кеп бекер айтылбаса керек элде, «Көлдүн ак куусу» кичине кезинен тарта тарыхый дастандарды, ырларды ырдап, жан дүйнөсү – музыканы эңсеп, комузда кол ойнотуп, кийин Филармония, консерваториядан уюткулуу устаттардан билим алып, мыкты профессионал адамдар менен биргеликте концерт, гастролдорго чыгып, 16 жашынан маданият үйүндө оркестрде иштеп, эмгек жолун баштап, ортодо турмуш жолуна аттанып, бүлө күтүп, бала-чакалуу да болуп, тиричилик менен алышып, чыгармачылыктан бир аз алыстай түшкөн. Бирок, түпкүрдөгү талант бары бир тутанып сыртка чыгат эмеспи, кайрадан сүйгөн кесибине белсене киришип, Сокулуктагы О.Кутманалиев атындагы маданият үйүндө директорлук кызматка чейин көтөрүлүп, жигердүү иштеди. Калың кыргыз журтчулугуна чыныгы таланты менен таанылган өнөр ээси эле.
Кудайым өмүр жашыңызды узун кылып, азыр тирүү болсоңуз гана аттигиниң…, таш боор тагдыр кырчындай кырк жашында алып кетти…, дагы канчалаган чыгармалар жаралып, ал чыгармалар да узак жашамак. Дүйнөгө атагың кете турчу бир кылымда бир жаралган булбул элеңиз…
Таенем, таятамдар да жакадагы кундузун жоготушуп, тагдырдын оор кыйынчылыгын баштан өткөрүп, аска-зооңуз болгон атаңыз да көп өтпөй артыңыздан кете берди, апаке… Кудай «жакшы көргөн адамын» эрте алат тура… Кош жоготууну баштан өткөрүү биз үчүн абдан оор болуп турат… Ыйлап апаңыз, бир боорлор, өмүрлүк жар, балдарыңыз, элиңиз калды артта. Азыркы кулактын ыры эмес, “түбөлүк” ырларды, дастандарды мыкты ырдаган, кубулжуган обондор, видеотасма, клиптериңиз мураска калды…
Балага сый мамиле жасашты өзүңүздөн үйрөндүм апакем… Сиз мага же бир туугандарыма бир дагы жолу колуңузду эмес, үнүңүздү да көтөргөн эмессиз. Биздин коргоочу чебибиз болуп, балдарыңыз үчүн баарын кылганга даяр элеңиз…