* * *
Чай ичип жатып какап кеттим. Кыязы, нандын күкүмү кекиртегиме туруп калды көрүнөт, кыркырап бир башкача жөтөлө баштадым. Ары сүрүп кетеби деп чай ичтим, жубайыма далымды муштатып да көрдүм, болбоду. Бир көз ирмем убакыт ажалыма ушул кыпкымындай күкүм себеп болуп, жашоо менен кош айтышып кете тургандай сезилип кетти. Аңгыча ар жактан эси чыгып, өңү купкуу болгон кызым чуркап келди. Бул учурда жөтөлүм басылып, жаңы эле өзүмө келе баштагам. Менин чай ууртап отурганымды көрүп, ыйлап кирсе болобу. Он алтыдагы эселек кызды же соорото алсамчы. Солкулдап ыйлап атат, ыйлап атат... “Атам мынтип жөтөлчү эмес эле деп жүрөгүм түшүп кетти”- дейт өпкө-өпкөсүнө батпай.
Бул балакет илдет чоң кишилерди гана эмес, жаш балдардын да нервин жукартып, жүрөк ооруу кылып коймой болду. Вирус өпкөсүнө түшүп кеткен киши бат эле оңбой калат деген сөздөрдү булар күн сайын угуп, окуп жатышат да.
Кээде кыжалаттыктан, жаман ойлор менен алпурушкандан тажаганда ичээр суум түгөнсө айлам канча деп бир саам баарына кайыл, баарына даяр болуп кетчү элем. Бирок менин өлүмүм жакындарымды: мага таянган, мени караан туткан кишилерди канчалык азапка саларын толук аңдаган эмес экенмин. Өлүмдүн, айрылуу менен жоготуунун бүт трагизмин, бүт оорчулугун эми гана эселек кызымдын көз жашы аркылуу сезгендей болдум.
* * *
Эшиктин алдына “Тез жардам“ машинасы келип токтоду. Катуу ооруп, төшөккө жатып калган деле жокмун. Бирок тамагым ачышып, жөтөлө баштаганыман улам жанагы аты жаман ооруга кабылдым окшойт деп коркуп, жүз үчкө телефон чалып ийип атпаймынбы.
Врач кыз дем алганымды, дене табымды текшерди. Тамагымды карап көрдү. ”Эч сарсанаа болбоңуз байке, - деди анан. - Муздак бирдеке ичкен окшойсуз, тамагыңыз бир аз сезгенип калыптыр. Фурацилин менен чайкап, бир-эки күн мобул дарыларды ичсеңиз эле жакшы болуп кетесиз”.
Муну укканда капкара болуп турган дүйнөмө жарыктын шооласы чачырагандай эле боло түштү. Озуңа май ананайын! - дедим ичимен.
Беткабынан өңүн көргөн жокмун. Керемет аттуу баткендик кыз экен.
* * *
Тамагым айыгып, жөтөлүм басылгандан кийин шыбак жакка жологон эмесмин. Бүгүн карасам татынакай болуп калыптыр. Күнүгө мыжып, жүдөтпөгөнүмөн улам боюн түзөп алгандагысы го байкуштун.
Абдесте менен суу алып келип түбүнө куйдум. Боюңду кер, тамырың терең жайылсын, ылайым! Бар бол, мен да бар болоюн. Эл-журт баарыбыз аман бололу!..
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта