Мира СЫДЫКБАЕВА
КАРАГАЙ ЧЕРЛҮҮ КАРА-КЕЧЕ
Балалык күндөрдөгү дагы бир эсте калаарлык сонун күндөр таята, таенеңкинде болуу жыргалы. Убагында анын да баркы билинбейт. Өзгөчө жакшы көрүшүп, эркелетип, берээрге тамагын таппай тургандын баасы канчалык. Алар айтып берген жомоктор, уламыштар, болгон окуяларды угуп чоңоюну эч бир нерсе алмаштыра албас! Далайын балалык менен аңазар албай да калат экенсиң.
Менин таене, таятам кадимки айтылуу Кара-Кече жайлоосунда жайлашаар эле. Кара-Кече жайлоосу убагында өзгөчө керемет кооз жайлоо эмес беле. Касиеттүү да жайлоо болчу. Касиеттүү дегеним жайлоодо ордолуу жыландар мекендеген. Кийин кен чыгып, кенди казып алуу жумуштары башталып, техникалар барып, чоң-чоң машиналар кыйма-чийме каттап, жайлоо жайлоо болбой калды. Баягы жапжашыл, гүлгө оронгон жерлер чаң ызгып, боз топуракка айланды. Адам баласы болуп көрбөгөндөй ач көздүк менен, улам-улам тойбой, кенди касып алып баштады. Кендин башына ээлик кылгандар да пайда болду.
Таятам, таенемдер өмүр бою эле Кара-Кечеде жайлоодо жайлашчу. Ал кезде тоо боорунда жапайы карагат деген көп болоор эле. Колдорубуз кыпкызыл болуп, бетибизден бери боёлуп калганча жечүбүз. Тоонун бети карагай-чер. Ошондогу жайлоонун кооздугу ай! Булактар түркүн жерден чыгып турчу. Кээ бир булактын чыгып жаткан жеринен ичсең бетиңе газдары секирип, кучтүү газдалгандай суу чыгаар эле. Кичине ылдый жагынан ичсең, анда жөн эле туздуу суу болуп калчу.
Кара-Кечеде жылан аябай көп боло турган. Таенем, таятамдар ыр эмес, жомок эмес тынымсыз жыланга тие көрбөгүлө, баласын да кармабагыла. Жүгүргөндө көзүңөрдү карап жүгүргүлө, балдарын тебелеп албагыла, – дешээр эле.
Убагында таятамдын, таенемдердин үч уулу, бир кызы болгон экен. Түштө жайдын толуп турган мезгилинде Кара-Кечеде ысык өтө катуу болчу дешет. Кийин деле биздин бала кезибизде жайлоодо күн бир башкача өтө катуу ысычы.
Боз үйдө алды он үч жашка чыгып калган, андан кийинкиси ондо, кичүүсү сегиздеги үч уулум төрдө жатып алып ойноп жатышкан дейт. Бээ саан болуп, чакамды алып чуркап кеттим. Кичинекей Жамилам менден калбай бээ сааган жакка жүгүрүп ээрчип келип, мен бээ сааганча жанымда туруп, бээлерди саап үйгө келдик. Сүттү сабаага куюп, төрдү карап, бышып жатып үчөөнүн тең уктап калышканын көрдүм. Аңгыча боз үйдүн капталынан бир чоң жылан кирип, балдарымдын үстүнөн ушундай тездикте башын көтөргөн боюнча өтүп кетти. Сүт чачканга, ак чачканга да мүмкүндүк берген жок. Бир капшыттан кирип, бир капшыттан чыгып кетти. Бул эмнеси?, – деп эле жүрөгүм тызылдап калды.
Балдарым уйкудан ойгонгондо эле шаабайлары жок, шалдырап турушту. Ошол ошол болду. Бир айга жетип жетбей үчөө тең жок болуп калды, – дечү таенем. Таятам күйүттөн баса албай калган экен. Эки жылда анан ордунан туруптур. Көрсө уулдары бир ак жыланды өлтүрүп алып, үйгө алып келишкен дейт. Ал кезде кайненем да тирүү кези, – дечү таенем. Өтө катуу чоочуп, “Олдо балдарым ай, бекер кылган турбайсыңарбы. Эми кандай болоор экен? Жыландар өч алмайынча тынчыбайт”, – деп эле калган. Бирок, тынч эле болгонсуп калдык. Унутуп деле калдык. Бир аз күндө кыштоого көчүп кеттик. Кийинки жылы жайда кайрадан жайлообузга келип, жаңы эле отурукташып, бээлерди байлап, кадимки турмушубузду өткөрүп жатканбыз. Анан ушундай окуя болуп жатпайбы.
Кайненемдин ошондогу кошок кошуп, боздогону али күнчө эсимден кетпейт, – деп эскерип, таенем көп айтып берчү: “Айланайын, жылан эне, айланайын, жылан ата, ушул кичинекей эссиздерди эмне кечирип койгон жоксуң, ушул үч наристеден өч алгыча менден өч алсаңар болбойт беле, катыгүн ай, кара көзүм кашайбадыбы”, – деп боздогон.
Жыл айланбай кийинки жылы кайненем өзү да ушунча жакшы көргөн жайлоосуна келе албай, уулдарынын артынан алыска кете берди, – дечү.