БАЙЛЫКТАН БАКЫТ ИЗДЕГЕН КЕЛИН
( 5 БӨЛҮМ)
Күн артынан күндөр өтө берди Азат шаарда Айсалкын ата-энесинин үйүндө. Күнүгө телефон менен сүйлөшүү эле болбосо бирин бири көрө да элек . Аман-эсен төрөп алса анан шаарга алып келем деп ичинен кымыңдаган Азат бактылуу ата болуп, келечекте төрөлчү али көрө элек ымыркайын элестетип өзүнчө бактылуу. Больницага керек дегенинин баарын алып деги койчу колунан келген нерселерин берип жиберип жатты.
Жай күзгө айланды. Күздүн үчүнчү күнү дегенде капысынан телефонуна коңгуроо келди.
Алоо! Деп бир саамга тыңшай калган Азаттын жүзү албырып чыга келди.
Кандай уулум жакшы турасыңбы жакшы эле угулуп жатпайбы?
Деген үн кайненесинин үнү эле.
Ооба, ооба апа жакшы, жакшы кудайга шүгүр кылып жүрөм, деди Азат.
Балам сүйүнчү кыздуу болдуң дегенден кийинки айтылган сөздөрүн уккан деле жок, Азат деген үндөн чоочуп кеткенсип "ооба апа угуп жатам деп шашып калды" кечинде төрөлдү деп кайненеси кубанычтуу кабар айтты.
Эми ошол убактагы Азаттын абалын сүрөттөп айтыш кыйын эле, өзүн коёрго жер таппай, өзүнө өзү батпай азыр эле канаты болсо учуп жеткиси келип турду .
Эч кимге сөз айтпай бир гана апасына сүйүнчүлөп кечинде Көлгө карай жол тартты, жолдун узагы тим эле жетмеги азап эле болду, мурдагыдан да узарып кеткенсип сезилип кетти. Жетип эле роддомго жөнөштү ошондо сезди Айсалкынды ушунчалык сагынганын, кызын көтөрүп келе жатса мурункудан да сулуу болуп көрүндү, биринчи эле Айсалкынды өөп анан кызын колуна алып кубанычы коюнуна батпай турду .
Мен сага ыраазымын Айсалкын ушундай кызды жарык дүйнөгө алып келип менин төбөмдү көккө жеткирип кубанычка бөлөп турганыңа деп сүйүнгөнүн жашыра албай өөп-өөп жиберди кучактап.
Бул сеники эле эмес баарыбызга тийиштүү кыз деп тамашалай жылмайган Айсалкын болду шамалга урунуп калбасын деп палатасына кирди.
Жүзүндө кубаныч, биринчи ата деген статуска ээ болгондугуна толкундоо ээлеп асмандап учуп жүргөндөй сезим, кыскасы бир сөз менен айтып жеткире албаган сүйүнүч бүт тулку боюн ээлеп турду Азаттын.
Колундагы гүлдү жубайына берип шоколадды болсо кошо чыгарып келе жаткан кызга сунуп кызын колуна алып жетине албай " мындан өткөн бакыт, мындан өткөн кубаныч жана сезимдер " жок экенине минтип түшүнүп отурган чагы.
Кайнатасынын машинасы менен зуу коюшуп айылды көздөй жөнөштү. Бир-эки күндө эле кайра шаарга чыкты Азат "кызды тыңытып кичине көзгө көрүнүп колго келип калганда келип алып кетесиң"деген кайын журтунун сөзүнө ынанып шаарды көздөй жөнөдү.
Билинбей бир айдан ашык убакыттан кийин барган Азат күтүлбөгөн сөздү угуп кайра артка тартты .
Азат эмдики айда же ага жетпей Тилекти үйлөндүргөнү жатабыз балким ошондон кийин чогуу кетесиңер деген эле чай үстүндө кайненеси.
Макул апа, бирок так күндү белгилеп мага бир жума эрте айтып койгула мен дагы келип даярдыкка жардам беришим керек да, мен дагы силердин үй-бүлө мүчөсүмүн го деген эле Азат.
Шаарга келип эле жумушуна түштү, түнү менен иштеген эртеси эрте Айсалкын коңгуроо кылып " авам үйлөнбөй калды " десе болобу, мына кызык.
Ушул күндөн баштап Азаттын жашоосу астын-үстү болду өзүн канча токтоо кармап эч кимге билгизбеген менен ичинен зыркырап жүрдү.
Күнүгө смс келет Айсалкындан.
Кандай ден соолук жакшыбы?
Жакшы, жакшы кудайга шүгүр кылып жүрөм, өзүң кандайсың?
Мен да жакшы.....
Азат эгер жаман көрбөсөң Көлгө эле жашабайлыбы ?
Ээ кызыксыңго мен Көлгө барып эмне жумуш кылам?
Анда ажырашып эле кетпейлиби?
Эмне эле акылы аз кишидей болуп жатасың?
Менин шаарга баргым келген жок.
Экөөбүздүн жашообуз шаарда да.
Атамдар шаарга барышыма каршы болуп жатат.
Айсалкын бул биздин жашообуз шаарда же башка жакка барып жашаш өзүбүздүн гана чечимибиз бизге мурункудай эч ким бул жакка бар же барба дей алышпайт. Анткени биз бир үй-бүлөбүз да, биздин кайда жашаарыбызга эч ким тоскоол болгонго укугу жокко деген сөздү айтканда телефонду коюб салды Айсалкын.
Убакыт учкан куштай өтө берди, Азат жолдош баласынын үйүндө чай үстүндө талма болгон кишидей көздөрү караңгылап кеткенин бир билет анан мурдуна бир жагымсыз ачуу жыт келе калганда уйкудан тургансып ойгонуп кетти.