КАРА-ЖОЛТОЙ КЕЛИН -болупмун.
3-бөлүм
Орозо кунундо жазып олтурам, бул толугу менен чындык. Анча-мынча создор Гана озгорду. Ооба, бироо учун фантастика сыяктанса керек.Келинге эле эмес балама жасалган кордугун окусанар анда, бул жомок деп ойлойт окшойсунар. Мен орозомун, орозодо жалган жазып куноого баткым жок.Эч кимге айтпаган сырымды ушуга жазгым келди болгону. Буну кайынэнем да толук окушуна ишенем, ошол учун дагы жаздым.
Бул орук как кайдан келди. Сен баламдын башын айлантып, буну каяктан алдырдын?
Озумдо кичине акча бар эле ошону бердим десем. Бул уйдогу акча ортодогу акча, сен эмне бекитип олтурасын. Сен бизге булоо болбойсун. Ушинтип акча бекитсен деп. Урушу Бир убакка чейин созулду. Жолдошум да иштен келип калды, Сен эми эле катынындын созун угуп, анын кулу болуп калыпсын- деп аны урушуп баштады. Тамак кылуу учун ашканага кирсем кылдырбай кууп чыкты. Сен кылбай эле кой, сен жасаган тамакты ит жесин деп. Ошо менен эрим да иштен ачка келген, мен да ачка келгенмин, кыштын суук куну, биз жашаган комната да печке жок эле, ачка жатып калдык,ушугонубузду айтпа. Ошо менен эртеси ишке кеттик. Иште да тамак алып жегенге акчам жок, курсагым ач олтурсам, эжелер тамактанганы жоношту. Жур дегенинен акчам жок деп, айта албай. Эч нерсе отпой жатат деп калып кеттим.
Кеч иштен сон уйго келсем, баягы эле корунуш, кайынэнем суйлонуп. Оздору тамак жешип, баарын алып коюушуптур, даже нандан бери бекитип коюптур.
Жашмын, ачка коп журбош керек, балага зыян деп иштегилер айтса, озумдон эмес, ичимдеги баламдан корком. Ошентип,эртеси акырын кан келе баштады, эриме айтсам,ал апасын аран кондуруп больницага алып барды. Барсак бала козголуп калыптыр- озунду этият кыл деп, даары жазып берди. Эми ал даарыга акчабыз жок. Кайынэнеме айтсак козголгон бала,бала болбойт, баарибир тушуп калат, барып алдырып койгула деп акча берди.Аны алып жонодук. Больницага барып очередь кутуп туруп, мен аябай ыйладым. Эрим боору оорудубу, айтоор билбейм. Жур даары алабыз деди. А мен апама эмне дейбиз десем , мен жооп берем сен унчукпа деди. Макул деп, аптекага бардык,болгону кичинекей 4 штук даары экен, ошону алдык да, уйго келдик. Иче баштадым, чын эле кан токтоп калды. А кайынэнеме мен эч нерсе дебедим. А эрим эмне деген -билбейм.
Ошо менен дагы кундор ото баштады, Бир кун тынч жашасак уч кун уруш угуу менен отуп жатты.Акыры журуп эрим кайынэнемдин созуно кирип,мени анча-мынча урчу болду.Уй-булоосундо жалан эркектер эле. Кайнилерим да апасынын тилине кирип мени жаман коро башташты. Эрим барып-барып коп урчу болду. Кээде муунтуп эсимди оодарып койчу. Бирде ошентип эсим ооп калган экен, озумо келип козумду ачсам,мандайымда кайынэнем эки колун бойрогуно таянып, бунун жаны бышык, бул олбойт, ана туруп келе жатат дейт. Туруп эшикке чыгып кеттим. Башым кенгиреп озумо келе албай Бир канча олтурдум.
Ошондой кундордо, кайынэнем боюндагымды алдырбаганыбызды билип калды.Эримдин мээсин жеди. Сен мен айтканды укпай, катынындын айтканын угуп калыпсын. Эртенден катынынды алып чыгып кет да козумо корунбогуло-деди.Эртеси эмне кылышыбызды билбейбиз, мен ишке барган маршрутту Гана билем. Эрим деле ошончо шаарда жургону менен, кайынэнемдин сызган сызыгында Гана журуп, эч жакты деле билбейт экен. Анан эрим ишке кетти да, келбей койду. Мени болсо,кайынэнем кактабай канымды алды. 3 кундон кийин келип, апасынан кечирим сурап, апасынын айтканын кылмак болду. Апасы бул туубай эле койсун, барып баланы алдырып салгыла,бул тууп кайынатамдын атын айтып, анын тукумун улабай эле койсун деди.Макул дедик да, эртеси жоноп калдык. Бизге кайэнем кошулуп жоноду. Больницага жетейин деген сайын журогум ооруп, ыйлагым келет. Ыйлаштанда корком. Акыры больницага жетип кирээрде, туалетке барып келейинчи деп, эримди женинен тартып телефонун кайынэнеме корсотпой алдым да, туалетке кирип озумдун апама чалдым. Апа менин боюмда бар, уч ай болуп калды, больницага келдик алдырганы десем, апам суйунгону секундка жетпей,Кайра чочуп кетти.
-Ой ботом эмнеге алдырасын- деп. Кайынэнем тууба дейт.
Макул кайынэнене берчи телефонду .
Жок апа, ал билсе мени олтурот.
Кыскасы мен сизге чалган жокмун.