Эй-эй дос жакшы элесиңби? Сага эмне болду? Жүрөктү түшүрдүң го деп Жаныбек алдастап калды.
Билинбейм өзүм да эмне болгонун деген эки жагындагы ак халатчандарды жалдырай карады.
Сизге көп ойлонууга, көп кыжаалат болууга жана нерв болгонго болбойт деди врачтын бирөөсү давление менен жүрөктүн кагышын текшерип жатып, караңызчы давление жогору ал аз келгенсип жүрөктүн кагышы да өзүнүн нормасынан бат-бат согуп жатат. Бир нерсеге катуу ойлонгонсузго дарысын берип жатып ( дагы ушундай болсо больницага алып баргыла) деди бизди күтпөй.
Азат турам деп аракет кылды бирок тура алган жок эки буту өлүк жыландай эле же кыймылга келбейт. Больницага эртеси эле Жаныбек алып жөнөдү, эч нерсе табышкан жок невтен кеткен дешти врачтар.
Айласы кеткен Азат болгон акчасын чогултуп (үй-бүлөм келсе керек болот деп катып жүргөнү бар эле) жеке менчик больницага анализ тапшырып баштады. Ден соолук болбосо кор эле болот экенсиң деген Азат "микро инсульт" дегенди угуп шалдырап отуруп калды.
Чогуу иштеген кесиптештеринин сурагандары өзгөчө жүрөгүн ого бетер мыкчып жатты, "Айсалкын кайда экен? Дагы эле төркүнүндө бекен ? А кокуй ал эмнеси күйөөсү ооруп жатса ал жакка жатып алганы" деген эле адамдар.
Бир күнү Гүкү эже ден соолук сураганы келдим кандай болуп калдың деп келди.
Жакшы, жакшы кудайга шүгүр кылып эжекем деген Азат тура албай койду.
Азат мени кечирип кой каралдым мен болбосом сен Айсалкынга баш кошпойт элең деп көзүнө жаш алды.
Койсоңуз эжекем бул да тагдырдын сыноосу, кудайдын маңдайга жазган жазымышы, сиз эмнеге күнөөлүү болмок элеңиз деп Азат чоочуду.
Ооба тагдыр дечи бирок ошого мен себепкер болдум да.
Ушундан кийин эч сөз болгон жок телефон карап отурган Гүкү эже "мен кетейин жакшы тур" деп чыгып кетти.
Азат туура бир ай жатты баспай, бир жарым ай дегенде акырындап таканчыктап жаш балача жөрмөлөп тамтаңдап бутуна туруп келе жатты.
Кандай Айсалкын ден соолук жакшыбы?
Кызым жакшы чоңоюп жатабы ?
Мен эки буттан баспай жатам кызды алып өзүң шаарга келе берсең кандай болот экен? Ушуну ойлонуп көрөсүңбү деген смс жазды.
Биз жакшы баары ойдогудай. Мен атамдар менен сүйлөштүм шаарга такыр эле барбайм .
Омей эмнеге антип жатасың Айсалкын?
Атам Ысык Көл банкына сүйлөшүп жатат мен ошол жакка жумушка чыгам анын үстүнө "Ал оорукчан болуп калса сени багабы же өзүн багабы " деген сөздү укканда ойлонуп калдым.
Мени эмне ушул бойдон өмүр бою калат деп ойлонуп жатасыңбы? Бутум баспай сага жүк
болуп.
Ким билет кандай жашоо болот Азат менин сага бир гана нерсе айтаарым, сени түшүнгөн, сенин ден соолугуңа караган аял тапсаң баш кошуп жашай бер мен барбайм деди да телефонду таптакыр өчүрүп салды.
Андан кийинки чалганы, смс жазганынын баары текке кетти телефон толук өчтү Азат жалаң дары менен эле жашап калды. Мурда чогуу иштеген кесиптеш кыздар алмак-салмак келип карап, тамагын жасап, кирин жууп, алдын которуп жардам берип каралашып жатышты, Азаттын бутунан туруп басканына да ушулар себеп болду окшойт.
Эмне мынча мөгдүрөйсүң? эмне андан башка катын деген кырылып калыптырбы? Эртең эле башка суйкайган кыздан тандап аласың деп келген сайын урушуп, жашоосуна шык берип кетишет. Андан башка эмне жардам бере алышат эле, колдорунан эч нерсе келбесе да сөз менен шыкак берип, алдыга сүрөп жатышты.
Кыш каарынан кайтып жаздын илеби келип Азат кадимкидей басып калды бирок жүрөгүн өйүгөн суроолорго жооп дагы эле таба элек .