БАЙЛЫКТАН БАКЫТ ИЗДЕГЕН КЕЛИН
( 6 БӨЛҮМ)
Ооруп канчалык кыйналса да Азат Айнаш апанын жүрөгүн оорутуп албайын деп бир туугандарына аткан жок . Жашоонун шары, күндүн маңызы менен жуурулушуп жашай берди жумушка да чыгып өзүнүн дарысын өзү таап, күнүмдүк оокат алышканы. Эртең менен ойгонсо өз денесин өзү кармап "иий бар эле экенмин бул жашоодо"деп жылмайып коёт. Күн кечтеп калган маал эле жумушуна келген жолдош баласы Азаттын дары ичип жатканын көрүп " эй досум сен ушундай акыбалга түшүп калдың беле" деп сурап калды.
Ээ досум менин бутумдан туруп, элдин катарына кошулуп калганымда көрүп жатасың.
Койсоң дос.
Чын айтып жатам, болбосо мынча дарыны ичип башыма эмне мүшкүл түштү дейсиң.
Жаман болгон турбайбы деп кейип кеткен ал күнү жолдош баласы. Ошондон бир жума өтпөй телефонго келген чоочун номердеги смсти ачып калды.
Кандай ден соолук жакшыбы?
Ким бул?
Кызыңды көргүң келеби?
Айсалкын экенин билди да Азат ооба кантип эле көргүм келбесин деди.
ММС барабы телефонуңа?
Жоок.
Туташтыр ММСке азыр сүрөт жөнөтөм.
Бир, эки, үч дагы беш-алты сүрөт келди көрүп өзүнчө өксүп ыйлады, башка эмне арга кыла алат көзүнүн жашын эч кимге көргөзбөй аарчып алып жолун улап кете берди күйбөгөн жери күл болуп бара жатты.Айылдан келген Айнаш апа Балыкчыга чейин барып кайра артка келди" башка кыз түгөнүп калса дагы балама " деп өтө ачуулуу келген эне байкуш " балам катының келбейт куда сөрөй менен сүйлөштүм кызын алып Ак-Сууга кетип калган иштегени келип убара болбой эле кой деди" деп ызаалуу бурк этти." Мен сага башында эле айткам жакшылап ойлон деп эми калганын өзүң чечесиң да" деген Айнаш апа " карыны кудай уруп жатса жашты кайда калкалайсың кайын журтуң калпыс чыгып калыптыр балам, кыздын барган жеринен тын чыгып кеткенин, өз оокатын тартып кеткенин баардык ата-эне каалайт экен, сеники тескерисинче үйүндө алып калгысы келген турбайбы" бул дагы тагдырыңа жазылганы деп айылга жөнөп кетти. Эненин жүрөгү тилинип-тилинип алды кеч билди баласы жапжаш туруп ушул оорууга чалдыгып калганын, айлап баспай, өзүнүн тамагын эмес жада калса даарат сындырганга алы келбей кыйналганын.
Дагы эки жыл билинбей өтүп кетти Азат бул убакта канча адам айтса да үйлөнүү деген ойду таптакыр эсинен чыгарып салды (Анткени баардык аял деген заттан ушунчалык көңүлү калып калган эле) баары эле ушундай эле деген ойдо жүрө берди. Дагы капысынан смс келди.
Кандай Азат ден соолук жакшыбы? деп.
Жакшы, жакшы кудайга шүгүр кылып жүрөм.
Тааныдыңбы ?
Телефондон сүрөтүң көрүнбөйт экен.
Мен Айсалкын.
Оо жол болсун, сен кайдан ?
Шаарга келгем сени көрүп коёюн дедим эле.
Ииий сагындыңбы? Деп шылдың күлдү Азат.
Кандай десем ...
Айта бер баарын түшүнүү менен кабыл алам.
Кайсыл жерде иштеп жатасың? Анан барганда айтам деди .
Кайсыл жерде экенин түшүндүрүп айтып иш менен алек болуп жүрө берди, кечке жуук Айсалкын келди эч нерсе болбогон кишидей адатынча Азатка эркелеп жатты, кечинде иштеген ишине жеткирип барган Азат.
Айсалкын болду эми чогуу жашайлы, сен да мен да каалашыбызча эле жүрдүк окшойт деп кандай карайсың дегенсип карап койду.
Мен болду биздин жашообуз болбой калды деп кече эжем менен сүйлөшүп барганга убада берип койдум эле.
Кайсыл эжең? Эмне болгон убада? Эмнеге жашообуз болбой калды деген чечимге келдиң?
Кадамжайда апамдын сиңдиси бар .
Ммм анан.
Макул атамдар менен сүйлөшүп көрөйүн ээ деди .
Сенин жашооңду эч ким чечпейт ошону эсиңден чыгарба, ата-энелер түбөлүк түркүк болуп бербейт бизге деген Азат жолуна түштү.
Ушул сүйлөшүүдөн көп убакыт өткөн деле жок бирок бир да жолу акыбалын сурабаганына таң калды, чыдабай өзү смс жөнөттү.
Кандай ден соолук жакшыбы?
Жакшы, жакшы өзүң кандайсың?
Канча убакыт өттү бир ден соолук сурабадыңго деп таарынганын билдирди Азат .
Эми кандай десем сага кандай айтышты, түшүндүрүштү билбей турам.
Мен ушунчалык түшүнүгү жок адам белем ?
Жоок андай эмес.
Анан эмне болду түшүндүрө албай?
Сен айткандай айылга барып жашасак да, шаарда жашасак да баары бир акча жагына келгенде тартыштык болоорун тушунуп да ойлонуп да кой деп Кадамжайга кете бердим дегенде Азаттын дагы бир шаабайы сууп калды.