«ОУ»
Оу дейт элек "Ата" деген кызыбызга,
Оу дейт элек "Апа" деген уулубузга.
Обу жоктор айынан сөздөр дагы,
Өөн учурай баштады коомубузда.
Оу дейт элек агабыз, инибизге.
Оу дейт элек карындаш, эжебизге.
Оу дедирип сөгүп-сакмай тренд болду,
Ою бузук, сөзү бузук жиндилерге.
Оу дегениң уксаң достор, инилердин,
Оу дегениң уксаң байке, эжелердин.
"Оу деген оозуңа оомат оосун
Оюңуз орундалсын оомин" дегин!
©Солто акын.
Оу дейт элек "Ата" деген кызыбызга,
Оу дейт элек "Апа" деген уулубузга.
Обу жоктор айынан сөздөр дагы,
Өөн учурай баштады коомубузда.
Оу дейт элек агабыз, инибизге.
Оу дейт элек карындаш, эжебизге.
Оу дедирип сөгүп-сакмай тренд болду,
Ою бузук, сөзү бузук жиндилерге.
Оу дегениң уксаң достор, инилердин,
Оу дегениң уксаң байке, эжелердин.
"Оу деген оозуңа оомат оосун
Оюңуз орундалсын оомин" дегин!
©Солто акын.