☀️ҮМҮТ..
Үмүт пардасы шамалга желбиреп, кээде ачылып, кээде жабылып, тереземди канча аарчысам да, келечекке жарык берген күн нурун таппаймын. Максатыма жол салган кыялым канча бийик болсо да жетпей келем. Ооба, кээде жашообузда ушундай учурлар болот, жардан өйдөгө канчалык аракет кылып, жөрмөлөп кол сунган сайын артка кулайсың. "Ансыз жашай албаймын" дейсиң, убакыт өтүп, жаңы адамдар менен толукталат. "Баары бүттү, өлдүм" дейсиң, жаңы күндүн таңында көзүң ачык, тирүүлүк улана берет. "Бул оорудан эч качан айыкпаймын го" дейсиң, ичээр сууң түгөнбөсө, күтүлбөгөн жактан шыпаа болуп, айыгып, жашооңдун жаңы күнү баштала берет. Анткени, жашоо мыйзамы ушундай, Аллах насип кылгандай, каалагандай болот. Биз моюн сунабыз. Анын, планы, бизди кандай гана соккулары менен сындырбасын, тайдырбасын, чарасыз калтырбасын, бизге сезилбеген эки дүйнө жакшылыгын ачып бере турган эшиктерге алып барат.
📍Аллах Таала минтип айткан:
"Силерди жакшылык менен жана жамандык менен сынайбыз жана бизге кайтасыңар". (Анбия сүрөөсү, 35- аят)
☝🏻Жаратканым пилге жүктөгөн жүктү кумурскага жүктөбөйт. Сыноо канчалык оор болбосун, пендесинин ыйманына, деңгээлине, күчүнө жараша болот. Аллах Мээримдүү, Ырайымдуу. Ал ар бир нерсени өз өлчөмү, өз сааты, күнүнө чейин ченеп жараткан. "Ал - Холик", "Жаратуучу". Бардык жаратылган жансыз - жандуунун Ээси. Ал "Баариу" - "Жан берүүчү". "Бол!"- десе, баары заматта болуп, заматта айыгып, заматта чечилип, заматта бүтүп, заматта ишке ашырылат. Анын каалоосусуз бир кыпын чаң да өз ордунан жылбайт.
📍 Эгер билсең, шайтан адамдын кайгырганын жакшы көрөт. Себеби кайгы менен Аллахка болгон үмүтүн үзүп, Ага болгон ыйманын жоготкусу келет жана Ага карай жолун тоскусу келет. Пайгамбарыбыз ﷺ да Аллахтан дайым дуба кылып: «О, Аллахым! Мен кайгы-капалыктан сактооңду сураймын» – деп сураган. Аллах Таала да Ыйык Куранда мусулмандарга карата: «Алсырабагыла жана кайгырып капаланбагыла. Албетте, бир кыйынчылыктан кийин эки жеңилдик болот" – деп эскерткен.
Шайтан адамга ар кандай ой салып, кайгыртып, капалантып, жүрөгүн алсыратат, эркин жоготот, кайратын мокотот жана максатына карай аракетин токтотот. Мына ошол себептен ыймандуу адамдын капалануусу шайтанга табылгыс кубаныч. Ал дайым аны болбогон нерсе үчүн капаланууга, түбү жок пайдасыз ойлорду ойлонууга түртөт.
🤗Эч качан үмүтсүз болбо. Аллах биз менен. "Жүз күндүк кыйынчылык болсо да, сен күтпөгөндө бир күндүк жакшылык баарын унуттуруп коёт".
📍Аллах Таала минтип айткан: "О, Мухаммад! Өздөрүнүн напсисине зулумдук кылып, күнөө кылган пенделериме айткын: Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө! Чынында, Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет. Албетте Аллах Кечиримдүү жана Мээримдүү" (Зумар сүрөөсү 53-аят).
👤Автор: Насиба Абдуллаева.