Бийлик тышкы миграция мамилесин өзгөрттү, азыркы приоритет — өлкө ичинде жумуш орундарын түзүү. Бул тууралуу минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
“Соңку 15-20 жылдагы тышкы миграцияга басым жасаган саясатты кайра карап чыгууга жана инерцияны өзгөртүүгө мезгил жетти”, — деди Байсалов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында.
Ал министрликтин негизги милдети — жумуш орундарын түзүү, калкты иш менен камсыз кылуу, кадрлардын жөндөмүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын эмгек тартибин чыңдоо болуп саналарын белгиледи.