🇰🇬🤝🇹🇷 УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Түркиянын MİT башчысы Ибрагим Калын менен жолугушуу өткөздү.
Кыргызстан Түркия менен эң жакын стратегиялык өнөктөш катары, кайсыл тармак болбосун ар дайым кызматташууга даяр экендигин билдирди Камчыбек Ташиев.
Ибрагим Калын өз сөзүндө Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылууда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин орду чоң экендигин белгилеп, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топторду жоюу жана аларды каржылоо булактарын жок кылуу аракеттерин жана чек ара маселесин чечүүдөгү чечкиндүү кадамдарды мисал келтирди.