Кеминдеги жашыл шаардын курулушу жазында башталып, үч жылда бүтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
“Кеминдеги контейнерлер менен курчалган 400 гектар жер алынган. Март айында бул жерге 80 миң батирден турган жашыл шаарды курууга киришебиз. Аталган долбоор үчүн 1 миллиард долларга чукул каражат табылган. Бул акча Улуттук банктын эсебинде сакталууда, аны колдонуп курулушту баштайбыз. Долбоорду алдыдагы үч жыл ичинде бүтүрүүнү пландап жатабыз. Шаардагы үйлөрдүн бийиктиги 9 кабаттан ашпайт, анткени андан бийик куруу мүмкүн эмес. 9 кабаттуу үйлөрдү куруу өтө тез жана ыңгайлуу,” — деди Жапаров.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG