Өмүргө тете жол
4-бөлүм
Үйлөрүнөн чыкканына "эт бышым" убакыт болгондон кийин,агып турган суунун боюна токтошту.
- Жүргүлө мобул талдардын ,бадалдардын куурагандарынан чогулта калгыла! От жагып,курсак тойгузалы...
Балдары терип келген кургак отундарды бир жерге үйүп ,койнундагы оттук ташын чыгарып ,от тамызды.
Куржундагы жез табагын чыгарып ,агып жаткан суудан сузуп келип ,үч ташты тулга кылып ,астына от жакты.
Кайнап калган сууга ,"күлазыктан "бир кочуш салып ,кайната баштады.
Курсагы ачып калган немелерге кайнап чыккан "күлазыктын" жыты " бур" дей түшүп ,ичтейин ачып жиберди.
- Ана,аукаттын жыты ,даамы сонун болсо керек ээ?- деген Куаныш күлмүңдөп апасын карап...
- Анан жакшы болбогондо.... Азыр бышса, курсагыбызды тойгузуп алып ,түнү жата турган жерибизди тууралашыбыз керек!
- Ана... эми үйүбүзгө такыр барбайбызбы?
- Балам,биз акеңдин айткан керезин аткарабыз ! Ачкадан эл тентип ,ар кайсы жакка кетип жатышат. Ал эми биз болсо , таятаңдардын үйүнө барабыз.
Башын жерге салган бала ,улутунуп жыгач менен жерди чукуп олтуруп калды.
Апасы сууга басканынан пайдаланган Акбото ,
- Куаныш ,сен антип анамды капа кылба! Акем да каза болду,эми экөөбүздүн анамыздан баска эш кимибиз жок- деген Акбото инисин кучактай...
Курсактарын тойгузуп,суудан көөкөргө толтуруп алышты.
Ийниндеги арканды чыгарган Алый ,куржунун ташка жөлөй суунун боюн көздөй жөнөдү.
- Сиз не кылып жатасыз?
- Акбото ,келгиле ,мобул куураган жыгач,отундардан терип алалы. Анан караңгы киргенде,бул бизге керек болот.
Балдары менен бир топ отун терип алышып ,арканга таңа Алый жонуна көтөрдү.
- Ана,биз адашып калбайбызбы?
- Жок кызым,адашпайбыз. Мени сендей кезимде ,атам менен агаларым эркек баладай кийинтип алып ,өзүлөрү менен тоого кошо ала чыгышчу.
Атам мергенчи, мүнүшкөр,аба ырайынын шартын жакшы түшүнгөн адам эле. Ошондуктан агаларыма эмнени үйрөтсө ,мен дагы алардан калбай үйрөнүп алаар элем.
Күн чыгыш менен күн баткан жакты көрдүңөрбү?
- Ооба
- Анда коркпогула, адашпайбыз...
- Ана ,менин аягым ооруп жатат ...
- Кана кел ,олтурчу ? Иий бутуң өйкөлүп кеткен тура ! Азыр балам , чылгоо ороп берейин , басканыңа оңой болот.
Үчөө ээрчишип келе беришти, күн батып,айлананы караңгы каптай баштаганда ,алыста тигилген төрт - беш үйлөрдүн карааны көрүндү.
Жакындай бергенде башына казакча баш кийим кийген кемпирдин бир нерсе кылып жатканы көрүндү.
- Арыбаңыз аже!
- Ийи,арыба!
- Аже , караңгы кирип кетти,балдарым менен сиздикине түнөп алсам болобу? Эртең менен таң агарганда чыгып кетебиз.
- Суйлегениңе караганда казак эмессиң го?
- Менин күйөөм казактын жигитти,өзүм кыргыздын кызымын...
- Кийимиңе карасам ,эр жигитке окшойсуң, сүйлөсөң аялдын үнү ...
- Аже ,жолдо каракчылар көп дегенинен күйөөмдүн кийимин кийип ,жолго чыктым.
- Аа жакшы... Азыр буту баскандардын баары , ачарчылыктан качып бул жагы кыргызга,тиги жагы Текеске,Улуу Чатка,андан аркысы өзбек менен каракалпакка кирип кетти. Менин уулум каза болуп,чалым экөөбүз калдык. Абышкам оорулуу ,төшөккө жатып калды. Жүрү үйгө киргиле!- деген кемпир кийиздери кырк жагынан жыртык үйүнүн эшигин ачты.
Караңгы үйдүн төр жагында салынган төшөктө ,купкуу болуп,арык абышка жатат.
- Келгиле ,тиги жерге олтургула!
Сырттан тере келген отунун Алый кемегенин жанына таштады.
- Ой бай ,кызым! Абышкам ооруганы ,отун ,тезек тартыш болуп жатканда ... Жакшы кылбадыңбы!
- Кана уулум ,сенин отундарыңды да алып кел?
Уулу менен кызы да көтөргөн отундарын боз үйдүн ичине киргизишти.
- Айналайындар,жакын жерде тере турган отун жок,кыйналып турдум эле.
Алый үстүндөгү төө чепкенин чечип ,үйдүн ичин кичине ирээтке келтире баштады.
Кийиздерин кагып, күүп бүтүп ,кемегеге казан асып ,суудан куйду.
Казан кайнап ,боз үйдүн ичи жылып , кадимкидей жылый түшкөнсүдү.
" Карыган немелердин батасы тийсин" деп ойлонгон Алый ,куржунунан күлазыкты алып чыгып ,бир ууч салды.