https://islamqa.info/ar/12681 لا يجوز استبدال ذهب قديم بذهب جديد مع إعطاء فرق القيمة - الإسلام سؤال وجواب
🏷️ЭСКИ АЛТЫНДЫ ЖАҢЫ АЛТЫНГА АЛМАШТЫРЫП, АЛАРДЫН БААСЫНЫН АЙЫРМАСЫН ТӨЛӨӨ УРУКСАТ ЭМЕС ЖАНА ТЫЮУ САЛЫНГАН
❓ СУРОО: 12681
Эски алтынды жаңы алтынга алмаштырып, экөөнүн баасынын айырмасын зергерге берсе болобу?
🪶ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!
Эски алтынды жаңысына алмаштырып, ортодогу баанын айырмасын төлөөгө болбойт. Бул уруксат эмес жана шариатта тыюу салынган. Бухари жана Муслимдин “Сахихтеринде” жана башка ишенимдүү булактарда келтирилген Билалдын (Аллах андан ыраазы болсун) окуясы буга далил болуп саналат:
Билал Пайгамбарга ﷺ жакшы курма алып келип, аны кайдан алганын сураганда, ал:
📚 (Бухари, 3212).
Пайгамбар ﷺ бирдей өлчөмдөгү буюм алмаштырылганда сапатынын айырмачылыгынан улам көбүрөөк кошуп берүү анык сүткорлук экенин жана анын тыюу салынгандыгын түшүндүрдү. Бирок Пайгамбар (саллаллоху алейхи ва саллам) адаты боюнча соода кылуунун уруксат берилген жолун көрсөттү. Ал алгач сапатсыз курмаларды сатып, андан кийин түшкөн акчага жакшы курма сатып алууну кеңеш кылды.
Ушуга карай айтаарыбыз: эгер аялда эски же тагынбай турган алтыны болсо, аны базарда сатып, акчасын алуу уруксат. Анан ошол каражатка каалаган жаңы алтынды сатып алса болот. Мына ушул – биздин Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) көрсөткөн жол.
(са’а - өлчөм бирдиги)
________
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤ https://chat.whatsapp.com/FxhjPxUUS3XDd9AItDqRSc
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤ https://www.instagram.com/islam_suroo_joop/profilecard/?igsh=MWVtYWpvcW0xcHAybQ==
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop

“Бизде сапатсыз курмалар бар болчу, эки са’а жакшы эмес курманы берип, бир са’а жакшы курмага алмаштырдык. Андан Пайгамбар ﷺ жесин дедик” - деп жооп берген. Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллоху алейхи ва саллам) мындай деди: «Мындай кылбагыла! Бул анык риба (сүткорлук), анык риба.»