Samat | donsimao dan repost
Баш мыйзамга ылайык Кыргызстан социалдык мамлекет болуп саналат. Мыйзамга баш ийип, 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак үчүн 1.5 млрд сом, балага сүйүнчү программасына 600 млн сом бюджеттен каржыланып жатканын колдойм, анткени социалдык мамлекет болуу биздин түздөн-түз милдетибиз. Жолдор менен энергетиканын экономиканын өсүшүнө оң таасир этерин эске алып, бул тармактарды колдоону да туура көрөм.
Бирок инфратүзүм жана социалдык багыттарга дал келбеген «Три вершины» сыяктуу 916 млн сомдук лыжа кластерине, ар бир райондо футбол стадиондорун курууга, «мекен» аттуу ноутбук чогулткан мамлекеттик ишканаларга, ошондой эле бенгал-пактарга жумуш орун түзүп жаткан курулуш долбоорлоруна мамлекет тарабынан каражат бөлүүнү туура көрбөйм. Туризм, мык-сык, телефон, стройка — бул мамлекеттин деңгээли эмес. Өлкөбүздө бири-бирине атаандашкан эки мамлекеттик банктын болушуна да каршымын.
Социалдык менен социалисттик деген түшүнүктөрдү ажырата билүү керек. Мамлекет начар менеджер, мамлекеттик кызматка жогорку деңгээлдеги адистер келбейт – бул көрүнүш Америкада да, Орусияда да байкалат. Ар бирибиз өз ишибиз менен алектенишибиз керек. Ошондуктан мамлекеттик ресурстарды бизнес аткара турган тармактарга эмес, коопсуздук жана коргонуу жааттарына багыттоону сунуштайм.