Azamat_LIVE KG


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


Эл күткөн Жаңылыктар. Кызыктын баары бизде

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Бул жылы Камчыбек Ташиев чек ара кызматындагы абалга да тыкыр киришип, мекен чегин коргоп жаткан жоокерлердин шартын жакшыртууда. Баткен, Ысык-Көл облустарындагы заставларды жаңылап,учурда Ош, Жалал-Абаддагы аскер бөлүктөрүндө жүрүп жаткан иштерди жеринде өзү текшерүүдө. Жада калса жоокерлерге берилип жаткан тамак-аштын сапатын да өз көзү менен көрүп, сактоочу жайларды түрө кыдырып чыгууда. Иш менен катар барган жеринде жоокерлер менен жакындан баарлашып, алар менен кошо обон созо ырдаган учурлары да болду.


Бишкекте аялды урган жаран камакка алынды

Кармалган 26 жаштагы жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлдү. Сот чечими чыкканга чейин ал милиция бөлүмүндө камакта болот.

Ага 5,5 миң сом айып салынат же 30-40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо үчтөн беш күнгө чейин камакка алынат.

Урган киши аялдын күйөөсү эмес, экөө бүгүн гана таанышкан.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
"Эки дос" Жапаров, Ташиев бийликке келип Кыргызстан эмнеге жетишти?


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
20дан ашык депутат ээрден шыпырылган Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 2024-жылды кандай аяктады?

Узап бара жаткан 2024-жыл ичинде Жогорку Кеңеш аткаруу бийлиги тарабынан сунушталган 225 мыйзам долбоорунун 157 син колдоп берди. Алардын арасында талаш-талкуу жараткан бир катар мыйзам долбоорлору да бар. Жетинчи чакылыштын депутаттары кандай ишегенине карабай учурдагы парламент бийликке көз каранды деген сын-пикирлерден арыла албай келет. Андан сырткары бул чакырылышта мандатын өз эрки менен тапшырган эл өкүлдөрүнүн көптүгү менен да элдин эсинде калаары ачуу чындык. Алсак жалпысынан 21 депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырууга мажбур болгон.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
"Бул жомок"- деген темир жол курулушу башталды. Кыргызстан темир жол бүтсө эмнеден утат?














Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Камчыбек Ташиев: Губернатордун күчүн сынайлыбы?

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында облус башчысын тамашага салды.


Президент Садыр Жапаров жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, бир күндүк жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат.

Мамлекет башчысы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун баштоо аземине катышат.

Иш-чара УТРКнын жана социалдык тармактардын баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз алып көрсөтүүнүн башталышы — 12:00.




Актауда кырсыкка учураган учакта болгон үч кыргызстандык тең аман

✔️ Бул тууралуу биздин өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Алар Мангистау облустук көп тармактуу ооруканасында жатышат.

✔️ Алар 20 жаштагы А.Р.Т. 26 жаштагы О.Т.М. жана 36 жаштагы Д.Э.Д. Учурда 20 жаштагы жүргүнчүнүн абалы оор, калган экөөнүн өмүрүнө коркунуч жок экени айтылат.






Аман калгандарга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Казакстандын Актаусында кулаган учактан 28 адам аман калганы такталды

Бул тууралуу казак өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Азыркы учурда алар облустук ооруканага жеткирилген.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Тышкы иштер министрлиги Актаудагы учак кырсыгында эки кыргызстандык аман калганын ырастады

✔️ Азыркы учурда Казакстанда кулаган учакта болгон үчүнчү кыргыз жараны боюнча тактоо иштери жүрүп жатат дейт министрлик.

✔️ Эскерте кетсек, Бакудан Грозныйга учуп бара жаткан учак Казакстандын Актау облусунда кулаган. Учакта 67 жүргүнчү жана анын ичинен 5 экипаж мүчөсү болгон. Акыркы маалыматтарга караганда 32 адам аман калып, ооруканага жеткирилди.


Бишкекте тургундун үйүнөн 130 миң доллар салынган сейф уурдалган

Уурулук 9-декабрда жасалган.

Милиция шектүү катары 35 жаштагы жаранды кармады. Андан 74 миң 400 доллар табылып алынган.

20 last posts shown.