Аңгычаң аялымдын телефону шыңгырап калды. “Жөн отур, кудагыйың чалып жатат...” деген аялым мага акырын шыбырады. “Тойду өткөрүп алдыңарбы?” деп ал-акыбалды сурайт тура” деген ой ичимди жылытып, маашырлана кемпиримди тиктеп отурдум. Кудам чыны жүда-аа пакиза, тыкан киши. Мен ушу кишиге суктанып бүтө албайм да. Бир аз сүйлөшкөн соң, күлкүсүнөн какаган кемпирим, тогуз томолонуп, ыкшыйт десең. Баңгиден беш-бетер. Шымды тиктеп алып, боору эзилгенче күлдү. “Тойдун карызынын азабынан кемпирим ушунтип калабы?” деп чочуганымды айтпа.
— Ой, бул шым... – деп эле кулайт, күлкүсү тыйылбай. Дендароо болдум. Бир аздан кийин өзүнө келип: - Бул шым кудагыйыңдыкы экен... – деп жолборстун жамбашы батчудай немени жая көрсөтүп: - Адашып келип калыптыр... – деди.
А мен таберик сарпайынан ажыраган адамдай, мостоюп отурдум...
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта