Апта сайын өрүк апкелип саткан кишини тажик соодагерлер жакшы тааныйт, анын өрүгү да таза, таттуу, өзү да жакшы, көп соодалашпайт, булар айткан баага бере берет. «Турганда эмне, кудай берекесин берсин» – бул кишинин болгон жашоо философиясы ушул. Картөшкө жыйнаса да, чөп жыйнаса да ушул сөзүн айта берет. Атасы менен кызынын өрүгүн бат эле сатып алышты. Атасы адатынча тажиктерден алган пулун эсептебей туруп көйнөгүнүн төш чөнтөгүнө салып койду. Анан оор жүктөн бошонгон атасы менен кызы жетелешип чүпүрөк базарга кирип кетишти. Колуна атлес кездемени кармап саткан чүмкөнө кийинген тажик аялдардын арасындагы ызы- чууда калды бул экөө. Алар жабалактап кыз менен атанын айласын кетиришти: «Меникин ал, меники жакшы» – дешип. Кыздын болсо түрлүү түстөгү жылтыраган атлестерди көрүп көзү жайнайт. Өмүрүндө мындай кооз кездемелерди көргөн эмес. Кайсынысын тандаарын билбейт. Бири-биринен жакшы.Атасы болсо батыраак ал дейт. Бул кездеме саткан базар ушундай түртүшмөй базар. Тажик аялдары милицияны көрө калса сатып жаткан кездемелерин бир заматта койнуна катып жылт беришет. Милиция кетээр менен жылтур-жултур маталарын улам биринен экинчисин четинен сууруп көрсөтүп, базар аралагандарды бура бастырбай сатканга аракет кылышат. Кыздын атасы бул жалаң аялдар чурулдаган базарга киргенди жаман көрчү. Заматта тажап кетти. Кызына ачуулана баштады:
– Алам деген атлесиңди албайсыңбы, ары-бери баса бербей! – Кыз атасынын мүнөзүн жакшы билчү, токтоосуз тандоо керек. – Муну, алам, – кыз кара жоолукту башына чүмкөй салган бою пакене аялдын чапанына катылып, билинер-билинбес чети чыгып турган башкалардан кызыл өңү көп атлести көрсөттү. Атасы ошол замат акчасын берүү үчүн көкүрөк чөнтөгүнө колун салды. Салды да өңү заматта кубарып кетти:
– Ой, даат! Пулумду уурдап кетишти! – Ой, найынсаптар, бу эмне кылганыңар! – Кыздын атасы жапайы үн менен бир бакырып алды дейсиз, базарды жарып кетти, аны баары карап калды. Бирок эч ким эч нерсе деген жок. Бул түртүшмө базарда чөнтөкчүлөр көп жүрөөрүн баары билет. Базар улана берди. Бир гана кыз селейди да калды, анын баятан берки кооз кездемелерге сонуркаган бактылуу жүзүн муңайым чалды. Кантип буту бүгүлүп жерге отуруп калганын сезген жок, атасындай бозала болгон кыз бүрүшүп отурган тейде ызадан чыдабай эчкирип ыйлап жиберди. Мунун баары атлес көйнөктүн айынан болсо да атасы кызына эч нерсе дебеди, тилдеген жок. Жөн гана өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жаткан кызынын чачынан сылап: – Эч нерсе эмес кызым, биздин акчаны ким алса ошонун үйү күйсүн, ноомарт! Сен ыйлаба, эмки базарда келип сага атлес көйнөк алабыз, биздин өрүгүбүз көп да, кудай өрүккө береке берсин!» Ордунан сүйрөлө туруп атасын ээрчий баскан кыз атлес көйнөк киймек турсун, кездеме саткан тарапты көргүсү келбей калды.
Атасы менен кызы кол кармашып, куру кол, базарлыксыз үйгө кайтышты. Кыз болсо тааныбаган жат элде тамагына тирелген ыйды араң токтотуп келатты. Жолдон кимдир бирөө тааныштардан чыга калып: «Ии, кандайсың, көйнөк алдыңбы?» – деп койсо эле озондон ыйлап жибергенге даяр эле. Автобекетке келип, Баткенге кетчү автобуска отурганда айылдаштары бу атасы менен кызынын купкуу болуп бозоргон кебетесинен эле буларды базарда кисапыр тоногонун сезишти. Эч кимиси үн катпады. Суратпай эле булардын жол кире акысын төлөп коюшту.
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта