Эрни АСЕК уулу
КАГАЗ КАЙЫК
Кагаздан кайык жасап, бөбөктай кир көлчүккө кое берди. Агарып сүзүп барат. А бала колу менен сууну жиреп, нары айдайт, бери айдайт, жанын койбой. Сыдырым жел да согот. Кир көлчүктүн кичине толкундары ичине толду дагы, чөгүп кетти... А бала чаң жол менен чуркап кетти, чаң жолдо жылаңайлак изи калып…
Тамагым ачышкансып, атакем сыяктанды кагаз кайык…
1988
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта