Бектуруш САЛГАМАНИ
Прозадагы ырлар
ШИРЕҢКЕ АЛЫП КЕЛАТАМ
Түбүң түшкүр дүйнө, ай! Чайчыл жаным, сууну кайнатканга бир тал ширеңке таппайм үйдөн. Кошуна орус кемпирден сурайын дейм, пейилин билем, ал капыр кышта, кар тизеден болуп турганда бир челек алып барып сурасаң бербейт. – Кой, жазда эрип, бу кар деген ным болуп берет жериме! – деп.
Акыры уруп-салып жөнөп калдым, дүр-дүйнөсү чачылган, эл оозунда айтылгандай, «эки жиндиси бар, бири – сатарман, бири – аларман», ызы-чуусу кулагыңды тундурган, ичи ыпылас базарга. Бир куту ширеңке сатып алдым. Пенденин бар жашоосу ушул кипкичине талчалардан, ие, учуна күрөң-кара күкүрт кислотасы тоголоктолуп чапталган чийлерге байланыштуу, көз каранды экендигин, бир тал чийсиз очогуңа от жанбай, тандырың ысыбай, муздак сууң кайнабай, демек, тамак, чай иче албай, кирдеген кийим-кечелериң жуулбай каларды, мончону тапка келтире албай курттап кеткенче кирге батарыңды эстедим.
Ширеңкенин ар бир талын адамдарга, а кутусун биз жашаган, бизди курчап турган коомго окшотуп келатамын эки аяктуу да, төрт аяктуу да кыбыраган, дөңгөлөктүүлөр зымыраган, бирок баарын келип-келип акыры өз жайына алып барчу чоң жолдо. Батам ар кыл ойлорго...
Ширеңкенин айрым чийлери бар, кабыгына сүйкөрүң менен «чыз-з» деп жана түшөт. Аны менен чекмек болгон тамекиң да, отун жандырар очогуң да, тандырың да тапка келет, кыскасы, маанайың көтөрүлсө көтөрүлөт, асти чөкпөйт.
Оң жагымда кайыктай үч бурч тартып, тоо таяна сүзүп барып токтоп калгансыган биздин кыштак. Баазы бир үйлөрдүн короолорунда чабылып, кургаган чөптөрдөн куралган чөмөлөлөр. Алар ушунчалык кургаган, тим эле күкүртү жок күйүшкө азирдей. А жолдун сол танабында сапсары болуп көйкөлүп бышкан эгинзар. Бу жазды, жайды тынбай тер төгүлүп, канча бир мээнет сарпталып жыйналган чөмөлөлөр менен бышкан буудайларды чай кайнамга калтырбай капкара күл кылып өрттөп коюшка бир эле чий жетет-ов! Ошол бир чий менен береги тамдарды, арамбы, же адал жол менен курганбы, айтор, байбачалардын эки кабат тамдарын, кала берсе бүтүн дүйнөнү өрттөп жиберишке да болот...
...Ошентип, бир куту ширеңке алдым. Ичин ачтым. Бир карасаң чийлер бүт эле бири-бирине окшоштой. А бирок дыкат абай салсаң ошол окшош сымак чий-талдар дагы ар кимиси өз алдынча айырмаланат экен. Баазылары колго кармасаң «тырс» этип сынып калчудай, тим эле кытайдын ийнесиндей ипичке. Айрымдары саал жоон, арасында ийри-буйрулары да көрүнөт. Кээ бирөөсүнүн узундугу башкаларга караганда кодорооктой. Айрым бир өзгөчөлөнүп, башкалардан артыксынып, тескери карап жатып алышкан чийлер да бар арасында. Ошондой эле өзү күйгөндө беркисин кошо жалмап кетчү, бири-бирине жабышып алышкандары да бар. Анткен менен арасынан булардын өзү эле эмес, кутусун да кошо өрттөп, күйүп кетчүлөрү эң эле коркунучтуу, кооптуу. Анткени алар өздөрүн гана эмес, бүт үй-бүлөсүн, башкаларды дагы өрттөп тынат.
Арийне, бул чийлердин бардыгы кандайдыр бир дарактан жасалгандыгы чындык. Демек, тула бою жыгач затынан болсо, анда булардын колдорунан эчтеке келмек эмес. Кеп – алардын баштарындагы күрөң-кара тоголок күкүрттөрдө...
Базардан бул ширеңкени: «Керегиме жарасын!» – деп алдым да. Дал эле ушул сыяктуу балдарымды да: – Кийин мен картайганда, же ооруганда каралашсын! Журтуна кереги тийсин! – деп багып, өстүрүп жатам да.
Бул ширеңке жакшылыгыма жарасын, өзүмдүн да, балдарымдын да курсагы тоюш үчүн от жакканга иштесин! Асти жамандыкка сарпталбасын! Балдарым да мага эле эмес, элге дагы жалаң гана жакшылыктары, жарыктары тийген адамдардан болушса экен! – деп тилеп келем ичимде. Ширеңкенин талдарын адамдарга, адамдарды ширеңкенин талдарына окшотуп келатамын...
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта