Ал убакта апам келиниме деп камдаган көшөгөсүн алып чыгып, төркү үйгө тактырды. Атайын келинге атаган жолугу менен көйнөгүн даярдап, кызды кууп келсе дасторкон жайылып турсун деген жакшы ою менен сандыка катып койгон бүт таттуу-паттуусун жайнатты го чиркин…
Чынында ар жыл сайын күзүндө айылыбызда той болот. А бизге, биздин үй эле үңүрөйүп, элден алыстап, той болуп акем үйлөнсө эле бакыт кушу бизге конуп, баарыбыз жыргап калчуудай сезилген өңдөнөт ал убакта. Баарыбыз ушул күндү күтүп калган болчубуз. Кудайдын бизге жазган башка пландары бар беле, айтор апамдын кубанычы көпкө узабады. Келинди алып келишти. Кыз көрсө туугандарынын: “Алып качып кете бергиле” деген чоо-жайын билбейт экен.
Ызы-чуу. “Олтурбайм” деп, салынган жоолук уламдан улам чечилет. Коңшу эжелер баары: “Ай, сонун жерге келдиң. Үй десе үй, бардар жер. Эрнис өзү зыңкыйган бала. Машина десең машинасы бар. Элди коргоп, Баткендин өзүндө иштейт, кор болбойсуң” десе, бири: “Эрнис бул айылдын сүймөнчүгү сени колуна көтөрүп багат” дейт.
Бир убакта кыздын туугандары, иниси келди. Тууган таэжелери: “Кыз олтурат, силердей эле жерге тиймек” – деп атам-апамды көңүлдөнтө коюшту. Бирок бир тууган деген бир тууган да бары бир, иниси ызаа болду өңдөнөт, жалгыз бир боорун эч кимге таарынткысы келбеди. Шан-шөкөт башталбай жатып токтоду. Алып келинген музыкалар тып өчтү. Эрнискем кирерге тешик таппай эмне гана сезимдер менен жүрдү, эч ким билген жок.
Апам байкуштун ушунчалык чарчаңкы көзүнөн, сыймыктануу сезими жалп өчкөнү билинип турду. Үй-бүлөбүз менен эч ким айтпаса дагы, көпчүлүгүнө ушак-айыңга ташталган кайырмактай эле болдук.
Келген эл тарап башташты. Мен ал убакта аркы-берки иштерди кылып жүргөм. Эшикте күздүн мелүүн соккон шамалы, үйдүн жанындагы жарык, тээ аткана жактагы чогулган топ балдар бизди уятка калган кемчонтойлордой карап, бизди аягандай, бизге боору ооругандай сезилет. Кудайдын буйругу экен, кандай гана ызы-чуу болбосун, ошол кыз азыркы биз сөз кылып жаткан жеңем болду.
***
Кийинки күнү таң эртең менен жеңем бөлмөгө купкуу болуп кирип келди да: "Кыз, турасызбы, апам менен сүйлөшүп алайын" деди. Жүрөгүм шуу дей түштү. Эмнегедир менде, жеңем бизден кетип калбаса экен деген коркунуч бар эле. Дал ошол коркунуч азыр өз үстөмдүгүн көрсөтүп жатты. Апам, артынан атам чогуу бөлмөгө кирип кетишти. Бир топ убакыттан кийин бөлмөдөн чыгышты да, жеңем кийимдерин чогултуп кетип калды. Кетээр алдында атам: “Кызым, Эрнистин башка алып алган аялы жок. Ошол үчүн сени үйүбүзгө кут кылдык. Байка, ушакчылар көп. Бирөөнүн айткан жалаасы менен тагдырыңар бузулбасын” дегени күнү бүгүнкүгө чейин эсимде. А жеңем оозу бош бир чагымчыл ушакчынын сөзүнө ишенип жолуна түштү. Анда кыштын алгачкы карлары ноябрдын акыркы күндөрүндө эле жаап баштаган болчу. Чынында кар бирин-серин билинер-билинбес. Анткен менен сыртта ызгаар суук сай-сөөгүңдү сыздатып, дене боюнду какшытып өтөт. Короонун ичинде жаңы гана жеңемди алып кеткен унаанын изи. Ал изди кар батыраак жаап кетсе дейм.
Аны ошол кеткени боюнча көргөн жокмун. Кыргызда “кыздын чырагы кырк” дейт турмушка чыгып бала көргөнүн, бирок мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлгөнүн кийин угуп калдык.
Турмуш Эрнискемди да жөн койбоду. Баягы тойдон кийин кеткен боюнча кайра айылга келген жок. Бизден алыстап өзү менен өзү болуп кетти. Достору менен деле алака курбайт. Өңдөн азып, жумушунан да чыкты. Дал ошол ушактын айынан жеңемдин алдына бара да алган жок. Кийин барды, бирок, баары кеч болуп калган.
***
— Алоо, алоо, ким бул?!
— Кандай Жумай, бул мен Эрнискең.
— Аа, Эрниске кандайсыз, сизге эми эле жазайын деп жаткам. Апамдар сизди шаарга келди деди го.
— Ии-ии, келдим. Жумай, мен Россияга кетип атам.
— Неге? Качан? Апамдар айтышпады го. Жолугабыз деп ойлогом.
— Кете берейинчи, сүйлөшүп турабыз да.
Баягы белгисиз чалуу көрсө Эрнискемден экен. Жаңы номер алган го, менде сакталбаганына караганда. Мына азыр анын Орусияга кеткенине 3 жылдын жүзү болуп калды. Жакын арада келгиси жок. Келсе да эмне?..
#Матисаков_мектеби
__
👉 "Кыргыз поэзиясы"