— Алгыла… эч нерсесин калтырбагыла. Өзүңөргө туура келбесе, башкаларга берип койгула. Өрттөлүп кетпесин… – дейт кудагый улам безилдеп. Кыздардын арасынан бирөө гана ойлуу олтурду. Ал каптын жанына келген да жок. Арасынан кийим тандабады. Сиңдисинин экөөнүн табити окшош болчу. Көбүнчө экөө чогу сатып алышчу. Анын шкафында дал ушундай кийимдер тирелип турат. Болгону норка шуба ала элек эле. Синдиси болсо ушул дартка чалдыгып калганын билээр жылы норка шуба алган болчу. Капкара, жылтыраган, бою башына ушунчалык жарашып турган эле. Аны сатып алганда бир туугандарга бир аз "жууп бермей" салтын да кылган. Аны кыязы кие да албады. Жаны чыдабай ооруп турса, каттаганы жалаң оорукана, дарыгер болсо, кантип, кайда киймек? Той-топурга деле бара албай калган. Же болбосо, бийлеген жагынан тойдун көркү эле. Кыска аралыкта эле катуу жыгылбадыбы. Анын минтип калаарын эч ким билген эмес,күтпөгөн дагы. Шартылдап, тарсылдап, бир эмес, эки үч жерде иштеп жүрсө, ким ойлоптур?
Ордунан жылбай, үн катпай турган бир тууганы каптын ичинен ошол шуба чыгар бекен деп улам карап коёт.
— Сен эмне турасың? Албайсыңбы? – дешти ага.
— Жок, мага кереги жок.
— Кийбесең да таберик кылып, бир экөөнү алып кой да.
— Кийбесем алып эмне кылам?
— Кой, тур, танда…, сага да ылайыктуусу бардыр. Экөөңдүн размериңер бир эле го… тур, ал… – деди кыздардын улуусу. Ошондо гана ал ордунан обдула туруп, каптын жанына келди. Буума байланган эки кара каптагы кийимдер бөлүнүп, кыздардын ар биринин жанында дөбө болуп калыптыр. Тиги бир тууганы болсо дагы деле капка колун сала алган жок. Кыйлага карап турду да кайра ордуна келип олтурду.
"Аттиң, эмнеге үстүбүздү кооздойбуз деп жан талашабыз, тырмышабыз? Канаке, алып кете албайт экенбиз го?" – деп өзүнүн шкаф тирелген кийимдерин эстеди. "Меники да ушинтип таланабы?" – деген ой кылт дей түшкөндө денеси ичиркене түштү.
— Ии, мына бул шубаны кимиңиздер аласыздар? Бизге чоң келет экен. Муну оңдой турган чебер деле жок экен. Бир канчасына алып бардык. Бардыгы эле "бузганга болбойт, эч нерсеге жарабай калат" – дешти деп, Айдана баягы кара шубаны көтөрүп кирди. Ордунан ыргып турган бир тууганы, Айдананын колунан аны ала койду да:
— Мен ушуну күтүп жаткамын. Мага ушунусу эле керек… Мага бер. Мен киемин. Жыртылганча киемин, – деп дароо кие да салды. Ырас эле ал шуба анын денесине жараша түштү...
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта