Бакай АЛМАЗ
* * *
Каяктан келгенин деги эле билбейм. Айтор, турган бөлмөнүн бир четинде. Карасам, мени ого бетер таңыркап тиктейт. Эмне жеп, эмне ичип, бир чатырдын астында кантип күн көрүп жатканыбызды деле капарга албаптырмын. Бир билгеним эшикте жаз келген болчу. Бир мезгил узады. Кожоюнуң өз өлкөсүнө жөнөп кетти. Ал эми сен ашканадан орун алып калыптырсың. Өңүң бозоруп, кунарсыз тартасың тим эле. Бирде оттой кызарып ачылганың деле куудурап, кечээги күндүн жомогундай болуп турасың. Ашканага кирип баратканда эле көзгө урундуң. «Ии, мурда эмне ойлонбодум экен?» дедим өзүмө. Сени жууп-тарап, күн тим эле жаркырап тийген бөлмөмдүн терезесинин кенен текчесине алып келип койдум. Эми кайра бажыраясыңбы? Көңүлүмө көктөм болуп бер деп шыбырайынбы?
Тирүүлүктөн кеп кылганда.
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта