Дал ошол маалда «түн чүрөгү» гүл ачып баштабаспы. Аппак гүл ачылып баратып шамалга дирилдегендей дирт-дирт. Созулган хризантема же георгин гүлүндөй ажайып кооздугун айт. Карап туруп түш көрүп жаткандай болосуң.
Гүлдүн үч сөңгөгү бамбук таякчаларга байланган. Эң төбөсүндөгү жалбырактар кочкул жашыл түстө. Гүл ачар көптөгөн кабак байлаган. Кактус жалбырагынан башка да жаңы жалбырак өсүп чыгат эмеспи. Гүлдүн энелик сабагы бой тиреп бийик өскөн.
Комия Сумикого жакын басып келди. Анын жанына туруп калганын ачылган гүлдөргө суктанып караган Сумико байкабады. Комия ага гүл тууралуу айтып берди:
— «Түн чүрөгү» көп жерде өстүрүлөт. Жапонияда дагы. Бирок бир түндө он үч гүл ачышы – өтө сейрек көрүнүш. Менин гүлүм жылына алты жолу гүлдөйт. Бирок мынчалык көп гүл ачышы бүгүн биринчи жолу болуп олтурат.
Андан соң Сумикого эртең кайсы кабагы гүл ачарын айтып, кабак байлар жаш бүчүрлөрүн көрсөтүп берди:
— Бул кабагы бир айдан соң гүл ачат.
Сумико ачылган гүлдөрдүн аңкыган жытын сезди. Мурунду өрдөп, жанга жагымдуу жыт. Сумико отургучка олтурду да, гүл ачып жаткан «түн чүрөгүн» тиктеп олтурду.
— Үстүдөн скрипка үнү угулабы? Ким чертип атат? – бир маалда Сумико Комия тарапка бурулуп карады.
— Кызым.
— Кандай сонун. Кайсы күүнү чертип атат?
— Билбейм.
Омори күүнүн сыбызгы үнү гүлдөргө келип жатканын айтты.
Сумико үстүгө тиктеген бойдон бакка чыкты. Бактын этегинде деңиз шарпылдайт.
Бир аздан соң Сумико бөлмөгө кайтып келип айтканы:
— Ал балкондо экен. Кичинекей кыз. Деңизге далысын салып олтурат. Мүмкүн, далысын салып олтурганы жакшыдыр…
1963-жыл.
Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ
#котормо
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта