Көрсө, менин ошондогу көрүнүшүм азыркы ужас фильмдерден да жаман экен. Бети-башымдын, кийимимдин баары кан! Узун коридор заматта бопбош боло түштү. Орустан айланып кетсе болот! Пенсия курагындагы орус медайым бети-башымды жууп, оң чекем кыйла жарылган экен ошонун ичинен майда таштарды акырын чыгарып, дары сыйпап, башымды ак марли менен айлантып таңды. Ушул турушумда мен Сталинград салгылашуусундагы жарадар жоокерге көбүрөөк окшош элем…
Анан доктурдун бөлмөсүндөгү керебетке жаткырып, эки-үч курдай үкөл беришти.
Айдоочу менен шериги доктурдун жанынан жылбайт.
— Он не умрёт? – деп сурады айдоочу доктурдан. Мени таптакыр эле орусча билбейт деп ойлосо керек, а мен ушул абалымда да баарын түшүнүп турам. Атам мектепте орус тилчи.
— Мы ему кололи два укола. Если в течении двух часов не умрет, тогда мальчик будет жить, – деди ак халатчан доктур аял. Улуту эсимде калбаптыр.
Ошентип доктур айткан эки саат да өттү…
"Үйүмө барам" деп туруп алдым. Облустук балдар ооруканасына эмес, үйүмө алып жөнөштү.
Дүкөндүн алдындагы таш жолдун эки бетине эл батпайт. Машина жолдун оң жагына коркуп келип токтоду. Жерге түшөөрүм менен азыр эле жырткыч кушка балапанын алдырып жиберген канаттуудай ары-бери өткөн машинаны үмүттүү карап турган апамды жазбай тааныдым. Ошондогу апамдын көздөрү эч эсимден кетпейт! Апамдын көздөрү ушунчалык аянычтуу эле…
Элден айланса болот! Бүт айыл жыйналыптыр. Кантип жыйналбасын! Машина коюп кеткенде аялдамада турган элдин баары көрүп чуркаган экен, айдоочу менен шериги мени машинасына салган бойдон буйтап, айдап качып кетиптир. Анткени, алар ар бир мүнөт кымбат экенин билишкен тура! Калдарбек ошол бойдон из жашырып качып кетет. Анан элдин баары: "Бул кимдин баласы болду?" деп кыйла бушайман болот. Бир уста кошунабыздын уулу мага окшоп кашы-көзү кара болчу, ошого кабар жеткенде, мектептин көмүрканасынын үстүн жаап жаткан жеринен кулап түшүптүр. Биздин айылдык бирөөнөн угуп Өзбекстандан апажем келиптир көзүнө жаш алып. А кезде бир адамдын кубанычы баарынын кубанычы, бир адамдын кайгысы баарынын кайгысы болчу. Шоопурду бир ачууланган жигит тээп жиберди. Башкасын аксакалдар тыйып коюшту.
Ошентип эски үйдүн алдындагы чарпаяда төшөктө жатам. Эл көп. Уккандын баары келди. Классташым Матирай да келиптир. Айдоочу менен шериги биздин айылдын өйдөсүндөгү жайнаган ишканалардын биринде иштеп, жеңил жазасын өтөп жатышкан эстониялыктар экен, "Баланы ооруканага жаткырсаңыз, бизди түрмөгө камап салышат" деп безилдеп турушту. Атам токтоо, кең пейил адам болчу. Эч ачууланган жок. Кайра ошолордун айтканын кылды.
Биринчи күнү үкөлдүн күчү менен эч жерим ооруган эмес экен, менин чыныгы азабым эртеси башталды. Таң эрте турсам, денемдин баары ооруп, шишибеген жерим калбаптыр. Колу-буттарымды көтөрө албайм. Ушундай абалда атам мени Эргеш дуктурга машинасына салып барды. Колунда эми бар болчу. Эч бир рентген дебей эле, дары сүйкөп, жаратты күндө таңып, иче турган дарысын да берип, үкөлүн да жасап, бир айда өз баласын карагандай карап, бутума тургузду…
Жөнөкөй айылдык колунда эми бар биздин доктор Айболит – Эргеш дуктур канча адамдын өмүрүн сактап калды экен деп азыркыга дейре ойлой берем...
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта