Тегеректин баары жаркылдап салюттар атылып жатты. Кыркалекей тизилген көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын баары короого чыгып алгандай шайыр шаңдуу кыйкырыктар… Мына, жаңы жыл да кирип келди, бирок мен күткөн сыйкыр болгон жок…
Удаа-удаа басылган каалганын коңгуроосунан денем дүркүрөп кетти, кантип жетип эшикти ачып жибергенимди билбей калдым. Жа-ңы жы-лы-ың ме-не-ен!!!! деп кыйкырып, баштарына Сантанын баш кийимин баса кийип, жалтырактарга оронгон курдаштарым тапырап кирип келишти.
— Ой мен билгем, айттым, ал баары бир жалгыз тосот жаңы жылды десем булар ишенбей жаткан, сени туугандарыныкына кетип калды болуш керек деп. Айттым беле, чалбай-этпей барып сюрприз кылалы деп айткам деп токтобой чебелектеген Гүлүм. Колундагы торт менен белекти мага кармата салды да пальтосун чечип илип, башкаларды да тейлеп жибергенге жетишти. Шарактап каалоо тилектер айтылып жатты. Бүгүнкү өткөргөн күндөрүнөн күлкүлүү учурларын эстеп, айтор досторум жайдары. Сааттын жебеси 3төн өтүп барат, дале куттуктоолордун аягы тыйыла элек. Баарына майрамдык маанайда жооп бергенге аракеттенип жаттым. Бирок… мен күткөн коңгуроо, жок дегенде жөн гана эки ооз сөз жазылган кат, али келе элек…
Арыда турган гитараны колума алдым да “достор, жаңы жылыңар менен, каршы болбосоңор ырдап берейин” дедим. Шарактаган досторум басыла түшүштү.
Оо, албетте, сенин өзүң ырдайм дегениң бул өтө сейрек кездешчү учур, кана, кана деген Сабыр оң жагыма келип отура кетти. Гүлүм менен Акинай да орун алышты.
Кат жазчы мага,
аз калган биздин өмүрдө,
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө…
Шамшыбек Өтөбаевдин аткаруусундагы бул ырды экөөбүз канча ирээт тамшанып укпадык. Мен колума гитара алганда эле сенин суранган ырың ушул боло турган. “Гитара черткен кыздар аз, бул сага абдан жарашат, а ырдаганга анчейин көңүл койбой жатпайсыңбы, үнүң керемет”, – деп мактап эле турчусуң. Көзүмдөн аккан ысык жашты башкара албай калдым. Токтобой үч жолу катар ырдадым. Демин ичине катып угуп отурган конокторумдун да маанайын буздум окшойт. Ыңгайсыз боло түштүм. Бирок дээринен зирек Акинай “эх, достор, келгилечи, керемет музыка үчүн тост көтөрөлү” деди да балаты ырын кыңылдап, балдай таттуу сөздөрүн жаадырып, арасында күлдүрүп тостту айтып абалды түзөп кетти.
Достор менен коштошуп, алардын чакыруусунан сыпайы баш тартып отуруп кайрадан жалгыз калдым.
Таң атып барат, айлана эч нерсе болбогондой тынчып калды. Сыртка чыктым, кар токтоп калыптыр, короодогу балдардын селкинчегине барып отурдум, таңкы суук кадыресе өкүмүн жүргүзүп жаткан экен. Жылдыздар жайнайт, демек эртең күн ачык болот экен да деп койдум күбүрөнүп. Ичимди өрттөгөн кусалык, канчалык алаксыйын десем да болбой бул жерге да ээрчип түшүп алгандай.
Сагынды-ы-ым… деп кыйкыргым келип турду.
Селкинчектин чатырчасынын устунуна илинген коенектин матадан тигилген кулагы турат, сыягы күндүз балдар унутуп кетсе керек. Эч максатсыз алып кийип, карга түшкөн көлөкөмдү карадым.
Бир-эки, бир-эки… коенду туурап секиримиш болдум, өзүмө өзүмдүн күлкүм келди, ызамдан. Кулакты ордуна илип бурула бергенимде, көргөн көзүмө ишенбейм… Бир кучак гүл көтөрүп, адатыңча жылмая карап сен турасың…
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта