Ахмедхан АБУ-БАКАР
АБДУЛ-АЗИЗ
Бул окуя тээ илгери, тоолуктар айткандай, жолдордо жырткычтар эмес, каракчылар жойлоп жүргөн чакта болгон. Төкөр Абдул-Азиз Таркама өрөөнүнөн арабага кап-кап оокат жүктөп, Сирагин тоолоруна кайтып келаткан болот. Трисанчин көпүрөсүнүн кулагынан аны каракчылар тосуп турат, аны канжар суурганга да үлгүртпөй, болгон оокатын тартып алышат, койдун терисин сыйыргансып, анын үстүндөгү черкескасын сыйрып алышат, анан келекелеш үчүн бийлөөгө мажбурлашат.
Бечара Абдул-Азиз бийлөөгө аргасыз болот. Өмүрүндө үйлөнүү үлпөтүндө да бир жолу бийлеп көрбөгөн бечара көпүрө үстүндө жан-алы калбай бийлеп кирди. Айланада бийчини сүрөп, алакандарын чапкылаган каракчылардын жапайы кыйкырыгы турду. Абдул-Азиз токтоп, тигилерди жалооруй карады, бирок каракчылар боло турган эмес:
– Эми аялча бийле, – дешти.
Анда Абдул-Азиз мындай деди:
– Мен ансыз эле аялча бийлеп жатам. Эгер мен эркек болсом мени минтип шылдыңдап күлгөнгө силерге жол берет белем?
Которгон Мырзаян ТӨЛӨМҮШЕВ
#котормо
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта