Эне дегенде мен сизди элестетем… Эти ысып чыккан бир балаңыздын үстүн жаап, экинчисин жубатып, үчүнчүсүнүн дагы бир маселесин чечип, баарына жетишкен сизди эстейм. Түнү менен отуруп алып жаңы жылдык кийимдерибизди тигип, эртең мененкиге даяр кылып койчуңуз. Апаке, сиз биздин каалаган буюмду алып берип, кээде мен каалап, бирок айта албай жүргөн буюмду алып келип берип сүйүнтчүсүз. Ар дайым таалим-тарбия, акыл-насааттарыңызды айтып туура жол көрсөтчүсүз. Бир айтканыңыз эсимде: «Балдарым, кайда болбогула, кандай жагдайда болбогула дайым бири-бириңди колдоп, жээрге бир момпосуй калса да бөлүшүп жегиле, ынтымактуу бир туугандар болгула, күч – бирдикте, силер ыймандуу, биримдүү чыксаңар – биздин тилегибиздин аткарылганы» дегениңизди эстен чыгарбайм жана жашоодогу баардык бийик ийгиликтерди багынтып, сиз атам менен жетпеген нерселерге биз жетип, ак сүтүңүздөрдү актап, бактылуулукка сөзсүз жетебиз деп сөз берем!
Бул жашоодо бардык тармакты бирдей алып жүргөн сизге таң берем.., Энеке, сиздей күчтүү адамды кезиктирген эмесмин. Жан-дүйнөсү таза, эң мыкты сапаттардын ээси сиз элеңиз. Ата-эненин сыймыктанган Кызы, камкор Эже, мыкты Жар, Келин, Жеңе, Аял, Адам, Жолдош, Дос, Кошуна, эң негизгиси менин мээримдүү, назик, сулуу, асыл зат энекем элеңиз.
Сиз мага баарын кыла ала турган сыйкырчыдай сезилчүсүз. Сиз сыйкырчы элеңиз, менин кумирим,менин сырдашым, менин дүйнөм сиз болчусуз!
Аз убакытта мага эбегейсиз чоң сүйүү, ишеним берген экенсиз, ушуга чейин берген сүйүүңүздөн күч алып жашап келе жатам. Рахмат, апа, тарбияңыз үчүн! Турмушта жыгылсам, кайра тура алганым үчүн, мокосом курчуй алганым үчүн, өрттөнсөм күлдөн кайра жарала алганым үчүн!
«Наристелер төрөлгөнгө чейин ата-энесин тандашат» деген кеп чын болсо, мен кайра төрөлсөм, кайра сизди тандамакмын! Бир туугандарымдан сиздин кылыгыңызды, сиздин мүнөзүңүздү көрөм. Шаңкылдап күлгөн күлкүңүздү, ырдаган ырларыңызды угам. Ар бирибизде бир ууч сиздин мүнөзүңүз бар. Сиз барсыз, сиз ар дайым биздин жүрөгүбүздөсүз. Нурдуу элесиңизди эч качан унутпайм… Көрүшкөнчө… кош…, энеке…
Бейишиңиз болсун!
#Матисаков_мектеби
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта