Kloop кыргызча


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: not specified


Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде.
Сайт: https://ky.kloop.kg
Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/
Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


Жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан тарта башталат

Билим берүү жана илим министрлиги 18-майдан 25-июнга чейинки аралыкты Жалпы республикалык тестирлөө мезгили деп белгиледи.

Министрликтин буйругуна ылайык, тестирлөө үч этап менен өткөрүлөт:
🔹І этап: 2024-жылдын 18, 19, 20-майы;
🔹ІІ этап: 2024-жылдын 22, 23, 24-майы;
🔹ІІІ этап: жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калгандар үчүн 2024-жылдын 21, 22, 23-июну.

ЖРТга каттоодон өтүүгө жетишпей калган бүтүрүүчүлөр 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоодон өтө алышат.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, быйыл мектепти 69 миңге жакын окуучу аяктаса, анын 50 миңге чукулу жалпы республикалык тест тапшырат. Ошондой эле абитуриенттер жогорку окуу жайга тапшырарда кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тесттен өтүшөт.

#кабарлар


УКМК Жалал-Абаддагы 412 млн сомго бааланган «Шабдалы-Зар» базары мамлекетке өткөнүн билдирди

Атайын кызмат маалымдагандай, аталган базар жайгашкан жер тилкеси 1994-жылы Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан «Дустлик» ишканасы менен байланышы бар жеке компанияга мыйзамсыз бөлүнүп берилген.

Ал жердеги акциялардын контролдук пакетинин 85%ы Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун мурдагы жетекчиси Кадыржан Батыровго таандык болгон. Базардын жалпы баасы 412 млн 111 миң сомду түзөт.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясынан жерди мыйзамсыз сатып алган Батыров 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу өзүнө байланышы бар эки кыргыз жараны менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн. Бул кылмыш ишинин материалдарына тиркелген архивдик документтер аркылуу далилденген. Аталган жер тилке бир нече жылдар бою соода базары катары колдонулган.

«Азыркы учурда жергиликтүү бюджетти колдоо жана шаарды көрктөндүрүү үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан “Шабдалы-Зар” соода-базар комплексин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат»,

— деп айтылат билдирүүдө.

#кабарлар


Бейшеналиев: Өз ыктыяры менен донор болуп берүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу зарыл

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул тууралуу 10-майда «Биринчи Радиого» берген маегинде билдирди.

Бейшеналиевдин айтымында, ал министр болуп келгенде президенттин тапшырмасы менен жаңы мыйзам иштелип чыккан. Ага ылайык, бейтапка генетикалык жактан тууганчылыгы аныкталган киши болсо донор боло алат. Мурда мындай мыйзам жок болчу.

«Садыр Нургожоевич бир видео жөнөттү, анда бир үй-бүлө 40 жылдан чогуу жашап, келинчеги гемодиализ алып кыйналып жүрүптүр. Күйөөсү бөйрөгүн берем деп, изилдешсе төп келүү бар экен. А биздин мыйзам боюнча күйөөсү донор боло албайт. Мага кайрылып “ушул маселени чечип бер” дегенде мен чече албасымды айттым, анткени мыйзам жол бербейт. Эгер эл өкүлдөрү ушул жагын карап беришсе, биз уруксат берет элек»,

— деди министр.

Министр «өз ыктыяры менен донор болуп берүү» жөнүндө мыйзамды кабыл алуу маанилүү экенин белгилеп, бирок ошол эле кезде аны кабыл алууда мыйзамдын терс жактарын дагы эске алып, кылдаттык менен атайын механизм иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

«Эгерде мыйзам кабыл алынып калса, коммерцияга айланып кетиши мүмкүн. Органдарды муктаждыгы барларна сата башташы мүмкүн деген маселе бар. Башка өлкөлөрдө бул мыйзам бар. Механизмин ойлоп тапсак, биз да бул законду эртеби-кечпи кабыл алышыбыз керек»,

— деп билдирди Бейшеналиев.

Ошондой эле ал бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жүргүзүлөрүн белгиледи. Өз кезегинде май айынын аягында-июнь айынын башында боор жана жилик чучугун алмаштыруу операциялары пландалууда. Операциялар бекер болот, ага Садыр Жапаров президенттин фондунан каражат бөлмөкчү.

#кабарлар


Өлкөдө 5000 сомдук жаңы банкнот
жүгүртүүгө чыгарылды


Улуттук банк 10-майдан тарта жүгүртүүгө чыгарылган 5000 сомдук жаңы банкнот үч деңгээлдүү коргоо элементин камтый турганын
билдирди.

Жаңы бонкноттун алдыңкы бетинде мурдагы үлгүдөгүдөй эле актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун портрети, артында Ала-Тоо кинотеатрынын имараты чагылдырылган. Банкноттун өлчөмү өзгөртүүсүз калтырылган.

#кабарлар


«Бир грамм да уурдалбайт». Жапаров алтынга байланыштуу соцтүйүндөгү видео боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандан чет өлкөгө жашыруун алтын чыгарылып кетип жатканы айтылган соцтүйүндөгү видеону көрүп күлкүсү келгенин айтты.

«Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө мамлекетке тийиштүү алтын кендерден тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды да эч ким уурдай албайт»,

— деп ишендирди ал.

Президент алтынга байланыштуу ишке анын бир тууганын тиешеси бар деген пикирге «алар чет өлкөгө бир нерсе чыгармак турсун, сырттан ташып жатышат» деп жооп берди.

«Мен канча убакыт президент болуп отурам билбейм, аны бир Кудай өзү билет. Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип жатканда өзүм эле эмес, бир-туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсыл мекемелерди курушканы, кайсыл тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем»,

— деди Жапаров.

Ошондой эле ал азыркы учурда алтындын улуттук кору 52 тонна экенин белгилеп, элди жалган видеолорго ишенбөөгө чакырды.

#кабарлар


Баткенде мечиттин курулушуна топтолгон акчаны уурдаган тургун кармалды

Бул тууралуу 10-майда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамажай районунун Таш-Дөбө айылындагы «Зийабдин ажы» мечитинин курулушуна топтолгон 67 миң 500 сом акча каражатын темир кутудан белгисиз адамдар уурдап кеткен.

Аталган факт каттого алынып, «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун 31 жаштагы тургуну кармалып, уурдалган акчаны мечитке кайтарып берген.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери уланып жатат.

#кабарлар


Amnesty International уюму Рита Карасартовага коюлган айыпты жокко чыгаруу боюнча 400 миңдей кол чогултту

Эл аралык Amnesty International уюму Кемпир-Абад окуясы боюнча айыпталуучулардын бири, укук коргоочу Рита Карасартовага коюлган айыпты алып салууну талап кылган петицияга 405 миң 204 кол топтоду.

Кол тамгалар активистти колдоо үчүн 2023-жылы «Каттар марафону» глобалдык кампаниясынын алкагында топтолду. Уюмдун билдирүүсүндө Карасартовага коюлуп жаткан «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген айып ойдон чыгарылганы жана ал 15 жылга эркинен ажрыталышы ыктымалдыгы айтылат.

«Ританы колдоо үчүн чогултулган колдордун саны — бул Кыргызстандагы саясий репрессиядан жапа чеккен Ританы жана башка активисттерди, журналисттерди жана укук коргоочуларды дүйнөлүк колдоонун жана тилектештиктин далили»,

— деди Эл аралык мунапыс уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мэйси Вайердинг.

Чогулган колдор Кыргызстандын бийлигине өткөрүлүп берилди.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган. Алардын арасында Рита Карасартова да болгон. Ал 6 ай тергөө абагында отуруп, кийин үй камагына чыгарылган.

#кабарлар


Жапаров ЕАЭБдин жыйынында миграциялык саясат маселесин көтөрдү

Садыр Жапаров Москвада ЖЕЭКтин жыйынында ЕАЭБ өлкөлөрүнө сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү адискөй жумушчулар керек экенин айтты.

Аны менен бирге президент миграциялык саясат темасын козгоду.

«КР үчүн эмгекчилердин мобилдүүлүгү маселеси принципиалдуу маанилүү мүнөзгө ээ, буга байланыштуу ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун бузууга же начарлатууга жол бербөөгө чакырабыз. Биздин бирикменин имиджине олуттуу зыян келтирүүгө жол бербешибиз керек. Жарандарыбыздын ишенимин бекемдеп, бирдиктүү эмгек рыногун түзүү боюнча ишти улантуу керек», — деп билдирди Жапаров.

22-мартта Москванын жака белиндеги «Крокуста» теракт болуп, кеминде 145 адам набыт болгон. Андан кийин бүткүл Орусия аймагында Борбор Азиядан барган мигранттарга карата текшерүү, кармоо, агрессия актылары жана депортациялар күчөгөн.

#кабарлар


Бишкекте Жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Сүрөт: Kloop


Укук коргоочу: Абактагы активист Аспеков дарыланууга муктаж

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова соцтүйүндөрдө ТИЗО-1деги активист Мелис Аспековду ооруканага жаткырып, дарылоо керектигин билдирди.

«Аспековдун жүрөгүнүн коронардык оорусу бар, аортокоранардык шунтирлөөдөн кийин ал дайыма дары ичип жашап жатат. Медиктердин корутундусуна ылайык, эгер жүрөгү ооруп баштаса, ага алты айдын ичинде стент жасоо керек болот. 7-майда жүрөгү ооруп, ТИЗОго тез жардам чакыртылган. Врачтар “туруксуз стенокардия (инфаркт алдындагы абал)” деген диагноз коюп, тез арада ооруканага жаткыруу керектигин айтышкан», — деп жазды ал.

Анын айтымында, ЖАК Аспековду ооруканага жаткыруудан баш тарткан, ал эми активист өзү үй-бүлөсүнө абалын айтпай койгон. Андан кийин 8-майда абалы кайра начарлап, аны ТИЗОго алып кетишкен, ал жерден изолятордун начальниги Аспековдун абалы канааттандырарлык экенин билдирген.

«Абалы кооптуу экенин адвокат кирип, аны текшерип чыккандан кийин билдим», — деп жазды Абдирасулова Юстиция министрлигин, акыйкатчы жана Кыйноолорго каршы улуттук борборду аны ооруканага жаткырууга көмөк көрсөтүүнү суранып.

#кабарлар


Айзада Канатбекованын өлүмү: Сот Бишкек ШИИБдин мурдагы башчысын актады

8-май күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу иш боюнча Бишкек ШИИБдин шалаакылыкка айыпталган мурдагы башчысы Бакыт Матмусаевге карата чечим чыгарып, аны актады. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.

«[Айзаданын] апасы Матмусаевге, анын кылмыштуу шалаакылыгы үчүн, кыз күч менен уурдалганын билсе да дароо “Колго түшүрүү” планын киргизбегени үчүн араңдан-зорго айып тактырган эле. Бүгүн болсо судья аны ал андай кылышы керек болгонуна далилдер жок деп, актап койду», — деп билдирди адвокат.

Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде таңкы саат 5те уурдалган. Арадан эки күн өтүп, Айзаданын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү табылган. Кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши кийин ага кол салган Теңизбаев өз жанын кыйгандыктан улам токтотулган. Ал эми аны уурдоого аралашкан башка беш киши 6,5-7 жылга соттолгон.

#кабарлар


Кыргыз жана тажик чек ара кызматтары жакында эле чек арада болгон окуядан кийин билдирүү жасашты

8-майда Баткен облусунун Короо чөлкөмүндө КР жана ТР күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар чыр-чатактын келип чыккан себептерин, чек арага жакын жашап мал жайган тургундардардын жүрүм-турумун жана мындан ары да болуп кетүүчү чек ара чырларына жол бербөөнүн жолдорун талкуулашты.

Ошондой эле тараптар жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде иш алып барууну, белгиленген багыттар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана эки мамлекеттин чек арага жакын жашаган тургундарынын ортосунда ынтымактуу коңшулук мамилени колдоо боюнча тапшырмаларды ишке ашыра берүүнү макулдашышты.

#кабарлар


Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

«Эрдиги менен каармандыгы кылымдан-кылымга, муундан-муундарга үлгү катары айтыла берчү жалпы согуш ардагерлерин, оорук эмгекчилерин сыйлап алууга күчүбүз да, кудуретибиз да, эркибиз да жетет. Ал эми согуш жылдарында ооруктагы элибиздин түйшүктүү эмгеги майтарылгыс эрктин, кажыбас кайраттын эң жогорку үлгүсү болуп кала берет», — деди өлкө башчысы.

Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Орусияда. Президент Бишкектеги «Өлбөс полк» жүрүшү өтпөй калган шартта Москвадагы Жеңиш Парадына катышат. КР ИИМи коомдук коопсуздукка коркунуч туулуп жаткандыктан быйыл Бишкектеги «Өлбөс полку» жүрүшү өтпөйт деп түшүндүргөн.

Ал арада калаанын Жеңиш паркында митинг-реквием өтүп, катышуучулар Өчпөс отко гүлчамбар коюшту. Ал эми калаанын райондорунда майрамдык концерттер өтүп жатат.

#кабарлар


Исхак Масалиев «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп шайланды

Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү, эл өкүлү Гуля Кожокулова билдирди. Буга чейин фракцияны Адахан Мадумаров жетектеп келген.

Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалып тергөө абагына киргизилген. Ага коюлган «Мамлекеттик чыккынчылык» бернеси кийин «Бийликтен аша чабуу» беренесине алмаштырылган. Андан тышкары депутатка «Алдамчылык» беренеси менен да айып тагылган.

26-мартта Биринчи май райондук соту Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу өкүм чыгарган эмес. Депутат абактан бошотулган.

БШК болсо сот Мадумаровду күнөөлүү деп тапканы үчүн аны мандаттан ажыраткан. 6-майда шаардык сот Мадумаровдун райондук соттун чечимине каршы берген арызын «арыздануу мөөнөтү өтүп кетти» деген жүйө менен четке каккан.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы Жогорку Кеңеште өзүн оппозициялык фракция деп жарыялаган. Анда жалпы алты депутат бар.

#кабарлар


«Тазалык» ишканасынын жетекчиси болуп Жолдош Чуштуков дайындалды

Тиешелүү чечимди Бишкек шаардык мэриясы кабыл алды. Аны «Тазалыктын» жамааты менен ишканынан мурдагы жетекчиси Рамиз Алиев тааныштырды.

Айрым маалыматтарга ылайык, Чуштуков буга чейин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында иштеген.

Ишкананын мурдагы директору Алиев 6-майда Бишкек шаарынын мэринин Турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары болуп дайындалган.

#кабарлар


Кемпир-Абад иши: Абактагы Дүйшөбаев менен Молдокматовдун абалы начарлаганы айтылды

Кемпир-Абад иши боюнча өткөн 8-майдагы сот отурумунда саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаев менен Жеңиш Молдокматовдун абалы начарлап, тез жардам чакыртылды. Бул тууралуу Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиевге таянып «Азаттык» басылмасы жазды.

«Учурда эки тез жардам кызматы келип, Дүйшөбаев менен Молдокматовду карап жатат. Молдокматовдун кан басымы 180ге көтөрүлүп кетти. Ал абакта ооруп жаткан. Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери аны күчкө салып эле сотко алып келишти», — деди Турдалиев.

Кемпир-Абадды коргоо комитети Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү кан басымы 180/90го, ал эми кант деңгээли 13,7ге көтөрүлүп кеткен Кеңешбек Дүйшөбаевди кыйнап сотко алып келишкенин айтып кайрылуу жолдошкон.

Саясатчы менен активисттер муну «кыйноо» деп атап, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиевди айыпташкан. Аталган мекеме жагдай боюнча комментарий бере элек.

#кабарлар


Лейлек: Тургунду коркутуп 15 миң доллар опузалаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

8-майда Баткен облустук милициясы Лейлек районунун Кулуңду айылынын 41 жаштагы тургунун коркутуп, 15 миң доллар каражат опузалаган УКТ мүчөлөрү кармалганын маалымдады.

Арыз ээси 4 киши «балдарыңдын келечегин ойло, көрбөй калышың мүмкүн, өзүң да майып болуп калба» деп эки жылдан бери коркутуп келгенин айткан. Жабырлануучу аргасыздан күйөө баласынын айдап жүргөн «Мерседес-Бенц-Спринтер» унаасын 1 миллион сомго карызга алып, опузалагандарга өткөрүп берген.

Укук коргоо органдары «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн жүрүшүндө ИИМдин каттоосунда турган УКТ мүчөлөрүн кармаган. Алар — Кулуңду айылынын 40 жаштагы, Ак-Суу айылынын 33 жаштагы жана Интернационал айылынын 46 жаштагы тургуну.

Баткен ОИИБнен эки шектүү Бишкек шаарынан, дагы бири Сүлүктүдөн кармалганын кошумчалашты. Учөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ушул тапта төртүнчү шектүү изделип жатат.

#кабарлар


Жапырт кармалган 11 журналисттин иши сотко өттү

Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорунун азыркы жана мурдагы 11 кызматкеринин иши тергелип бүттү. Бул тууралуу «Клоопко» 8-майда жактоочу Нурсултан Жаныбеков билдирди.

Ал алдын ала соттук отурум өткөрүү боюнча Биринчи май райондук сотуна өтүнүч келтиргенин айтты. Мыйзам боюнча, соттук отурум 10 күн ичинде дайындалышы керек.

11 журналист үстүбүздөгү жылдын 16-январында жапырт кармалган. Алардын тогузу «башамаламандыкка чакырууга», ал эми экөө аталган чакырыктарды «уюштурууга» шектелип, эки айга камалган.

Кийин алардан алтоо үй камагына чыкса, бири эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Азыркы тапта Temirov Live’дын жетекчиси Махабат Тажибек кызы, журналисттер Айке Бейшекеева, Актилек Капаров жана акын Азамат Ишенбеков абакта.

#кабарлар


Советтер союзунун баатыры Жумаш Асаналиевдин ысымы Минсктеги орто мектепке ыйгарылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 7 - майда Минск шаарында өттү. Ага Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев жана элчиликтин кызматкерлери жана башка кыргызстандыктар катышты.

Маалыматта ал күнү Жеңиш күнүн утурлай Жумаш Асаналиевдин Минсктеги эстелигинин алдында митинг-реквием өткөнү белгиленди.

Жумаш Асаналиев 1923-жылы 10-майда Ысык-Көл облусунун Отуз-Уул айылында туулган. Ал 1942-жылы Кызыл Армияга чакырылып, 1944-жылдын 25-июнунда душман менен салгылашууда багынып бербей, өзүн жана аны курчап алган душмандарды акыркы граната менен жардырып курман болгон.

Окуя Беларустун аймагындагы Лабейка кыштагында болгон. Асаналиевдин сөөгү аталган кыштакка жакын жерге коюлган. Кийин ага курман болгондон кийин Советтер союзунун баатыры наамы ыйгарылган.

#кабарлар


Прокурор Олжобай Шакирди жети жылга кесүүнү суранды

7-майда Аламүдүн райсотунла публицист Олжобай Шакирдин ишин кароо уланып, тараптар жарыш сөзгө чыкты. Адвокат Бакыт Автандил уулу прокурор Олжобай Шакирди тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга кесүүнү суранганын билдирди.

«Иш материалдарындагы видео далилдерди көрдүк, бирок аларда такыр эле башка эки видеону тиркеп коюшуптур. Лингвистикалык, политологиялык экспертизалар дайындалган видео иш материалдарында жок. Ал тескерисинче бийлик менен диалог болушу керек, массалык башаламандыктарга жол берилбеши керек дептир. Ал видео анын жаман ою жок экендиги тууралуу экен»,

— деди Автандил уулу.

Адвокаттар жазуучуну бошотууну суранышты. Кийинки процесс 14-майда өтүп, ал жерде жазуучуга акыркы сөз берилет.

Олжобай Шакир 2023-жылдын августунда кармалган, андан бери ТИЗОдо отурат. УКМК ал соцтармактагы барактарында «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырган, чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү» чыгарып турган деп айыптоодо.

#кабарлар

20 last posts shown.