"Мурунку доорлордо аял кишилер эркектердин көңүлүн өзүнө буруу үчүн аракет кылуусу, күч жумшоосу зарыл болбогон. Аял киши, ансыз деле, ар качан көңүл чордонунда болуп келген. Эшиктин артынан да, хижабдын ичинен да эркектердин кызыгуусун арттырып турган. Үйүнүн айнек терезелеринен сыртка көлөкөсү түшүп калар бекен, же болбосо, короодо өскөн гүлдү үзүү үчүн колун созсо, анын колу көрүнүп калар бекен деп күтүлөр, эңселер эле. Анткени, аял кишинин эч бир жери ачык, арзан жана жеткиликтүү эмес болчу. Ошол доордо дагы аялдар эркектер менен бир коомдо жашап, иштешер эле.
Аял — көчөдө көрүүгө мүмкүн болбогон, баа жеткис жана аялуу жан болгон. Медреселерде дагы, мектептерде дагы алар менен кезигүү мүмкүн эмес эле. Аялдар үйлөрүндө, узун күрмө-чепкендер артында жашырынып келишкен. Аларга жетүүнүн эч кандай айласы жок эле. Бир гана, Расулуллах (саллаллаху алайхи ва саллам)дын сүннөтүнө ылайык, жолугушууларга чыкпай, ашыкча суроо-жооптору жок, адал нике менен гана жетүүгө мүмкүн болчу. Аял киши өзүнүн кооздуктарын көргөзмө кылууга муктаж эмес эле. Анткени, ансыз деле анын кардары мол болчу. Жуучулар каалгасын каккылап келип турушкан. Ал кезде ажырашуулар дагы сейрек болчу. Үй-бүлөлөр бакыт-таалайлуу, ынтымактуу жашашкан.
А бирок, бүгүн көп нерселер өзгөрүп кетти. Аял заты үйүнөн, коргон-чебинен сыртка чыкты. Түпкүлүгүндө... биз өзүбүз алардын үстүнөн күлдүк... "Эркиндик", "азаттык", "аялдардын өнүгүүсү" сыяктуу шылтоолор менен аларды көчөгө чыгарып коюп, соңунда, "Бою узун бекен же кыскабы?", "Келбети, тулку бою кандай экен?", деп, жылаңач көкүрөктөргө тигилүү менен рахаттана турган болдук. Аял баалуулуктарынын баары бекер болуп, никесиз жеткиликтүү болуп, арзан товарга айланды. Аны менен эле чектелип калбай, өзүбүздүн милдет-жоопкерчиликтерибиздин дагы жарымын алардын назик желкелерине жүктөп жүктөп койдук. Алар "Сен күрөшө ала турган күчтүү аялсың! Баатырсың! Эркин адамсың! Эркин болуп төрөлгөнсүң, эркин жаша! Сенин денең үй-бүлөңдүкү дагы, Кудайдыкы дагы эмес, өзүңдүкү! Өз денеңдин ээси өзүңсүң! Иштөө деген улуу дөөлөттү менчиктеп албайбыз, силер дагы акылуусуңар. Ким эмне десе, десин. Күрөш желегин желбиретүүгө убакыт келди!" деген ураандар менен ууланды. Абалдын мындай курч алуусу өтө кооптуу эле. Аял затын ээн-эркин көрүүгө жетишкен соң, аларга тоюп бүтүп, ачык-чачык кийимдер менен өздөрүн жарнамалоого, бири-бири менен чечинүүдө атаандашууга үгүт жасалды. Эркектер үчүн аялдарды көрүп рахаттануунун өзү жетишсиз болуп, алар менен чогуу окуу, чогуу иштөө, чарчоону чыгаруу шылтоосунда корпоративдерди уюштуруу, ыдык көрсөтүү, кубалашып ойноо, чогуу түштөнүү, ашкана-ресторандарга баруу, кинолорго баруу сыяктуу көңүл ачуулар дагы жеткиликтүү болду. Мына ушинтип, аял затынын баркы кетти, кадыры күл болду. Аларга жетүүнүн жолу кыска жана жеңил болуп калды. Мына ушул жеңилдик эркектердин зээндеринен үйлөнүү, бүлө куруу пикирин алыстатып жиберди.
Аял заты жумушта, спортто, тер төгүп мээнет кылууда эркектер менен тең болгон соң, көйгөйлөрдү унутуп, башты жазуу жана чарчоо чыгаруу үчүн өз жанын "рахаттандыруу" укугуна ээ болду. А бирок, аял заты жеткиликтүү болгон заманда, эркектер үйлөнүүдөн баш тарта баштаган соң, аялдар кантип чер жазышы, эс алышы жана рахаттанышы мүмкүн? Мындай абалда эзелтен келген нарк-насилден баш тартып, бөтөн эркектердин жандашуусуна, койнуна сойлоп кичүүсүнө уруксат берет да.
Биз бул "эркиндиктин" эң кооптуу чегине жетип келдик. Эркектер эркеленип, аялдар алардын артынан чуркап, сөз ыргытып, тийишип калган заманга келдик...