Кийин анан таятамдар Жамийла таежемден кийин Нурила, Идирис, Гүкүл деген дагы бир уул, эки кыздуу болушкан экен. Менин апам Нуриласы. Таятам өтө баласаак, мүнөзү жумшак адам болчу. Жоготуп алган уулдарын көп айтчу. Канчалык таятамдын ичинде жыландарга болгон таарынычы кетпесе да, бирок, аларды жаман көрө алчу эмес. Аларды ушул жердин ээси, жайлоонун куту, алар ыйык деп түшүндүрчү.
Таенем кайраттуу, күчтүү, тың аял эле. Үйдөгү жумуштарды да, сырткы жумуштарды да таенем жасайт. Таенем көпкө жашады. Кара-Кечени көп айтып берээр эле. Таенем жаңы келин болуп келгенде ага кайын энеси да көп нерселер жөнүндө айтып берчү экен. Аларды да бизге айтып берди. Көп нерселер эсимде калбаптыр.
Менин апамдар бала болуп жүргөн чагында да ошол эле Кара-Кечеге жайлоого чыгышчу экен. Бир жолу козу-койлорду карап тургула, деп коюп кыштакка жумуштап кетишти дейт. Алар кеткенде төртөө ойной беришип козу-койду унутуп калышат. Козу менен кой жамырап кетишиптир. Эмнегедир ошол кездегилер өздөрүнө жумушту көбөйтүшкөн. Жөн эле чогуу коюп койсо болот беле, аларды экиге бөлбөй. Эми ата-энебиз келсе эмне дейбиз, – деп коркуп, кой-козуну бөлүп жүгүрүп жүрөбүз дейт. Түштө күн аябай ысык болуп жаткан. Жылан деген жайнайт. Коркпой деле калат экенсиң. Жүгүрүп, аттап, козу менен койду бөлүп жүрөбүз, – дейт.
Боз үйгө да кирип келип, сандыктын түбүнө, идиш-аяктар коюлган шкафтын астына да жатып калышчу.
Таятам, бизге жыландан коркпогула. Эгер жыланга тийбесенер алар силерге тийбейт. Жыландын балдарын да кармабагыла. Алардын да силердикиндей атасы, апасы, чоң атасы, чоң апасы, байкелери, эжеке, жеңелери, таекелери, таята, таенеси болот. Анан силер кармап алсаңар ошончосу издеп келет да. Өлтүрсөңөр алар өч алат дечү. Ошондуктан жыланга таптакыр тийишпегиле деп көп айтты. Булактарга ээрчитип барчу. Суу ичкиле, бул укумуш суулар. Кудай тааламдын берген керемет суулары деп, олбурлуу чоң колдоруна куюп, жутуп алат эле. Анан булактын башына отуруп куран окучу. Ар бир булактын өзүнүн ээси бар дечү. Адам баласы жыландарга, деги эле жаратылышка аяр мамиле кылыштары керектигин миң сан ирет кеп кылчу.
Жыландар ушул жердин ээси. Бул жерлерде жердин астында канча бир байлык жатат. Ошол байлыктар, кендер бар жерлерде жылан көп болоорун айтып берээр эле.
Айткандай канча жылдан бери кыргыз элин көмүр отуну менен баккан кен чыкты. Бирок, адам бечара кенди да абайлап казып, бышып жетиле элегин коё туруп, кийинки-кийинки жылдарга калтырууну унутуп, жаратылышка болуп көрбөгөндөй мыкаачылык кылышып, жайлоону талкалап салды. Күркүрөгөн техниканын үндөрүнөн, дөөдөй болгон кытайдын машинелеринен коркуп, ордолуу жыландар да мекенин таштап кетти. Ордолуу деген сөз өзү түптүү, кеңири тамырлаган, урук туугандуу, кубаттуу дегенди билдирет. Ордолуу жыландын келгени, мекендегени – элибизге ооматтын келгени дээр эле. Ал эми ордолуу жыландын канча жыл мекендеген жерин таштап, ооп кеткени кандай болду экен? Азыр таятам болгондо жыландардын ооп кеткенин көрсө аябай жаман болмок. Олбурлуу денесин бүлкүлдөтүп, балким жаш баладай ыйламактыр...
____________________
👉
"Кыргыз поэзиясы"🙏
Каналга колдоо көрсөтүү🎀
Ардак такта